Адаптация

Википедия дан

Адаптация — бардык тирүү организмдин жана алардын органдарынын жашоо чөйрөгө ыңгайлануу жөндөмдүүлүгү. Адаптация организмдин тиричилигинин нормалдуу болушун жана анын чөйрөнүн ар кандай факторлорунун; температуралык жана климаттык (Акклиматизация), бийиктик (Түтөк), көп инфекциялык агенттердин (Иммунитет) өзгөрүшүнө ыңгайланышын камсыз кылат. Биологиялык ритмдер адаптация жөндөмдүүлүгүн жогорулатат. Жаныбар менен өсүмдүк организмдеринин жашоо шартына карата. Адаптациясы алардын биологиялык эволюциясынын (Эволюциялык окуу) негизинде болот. Адаптациянын көптөгөн формалары бар: клеткалардын вирустун киришине тоскоолдук кылуучу интерферонду синтездеши; ар кандай микроорганизмдердин тез көбөйүүсү; сүзүү, боору менен жылуу, учуу, жүгүрүү, тамыры менен бир жерге бекүү, дене температурасынын туруктуулугу же чөйрөнүн температурасына карата өзгөрүү жөндөмдүүлүгү; дем алуу, кан айлануу, тамак сиңирүүчү атайын системалардын болушу, чээнге кирүү ж. б. Чөйрөнүн кишиге тийгизген психологиялык, физикалык жана химиялык таасирлери тынымсыз болуп тургандыктан, адаптациянын реакциясы ички чөйрөнүн туруктуулугун сактоого багытталган.

Кишинин адаптациялык механизмдери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кишинин адаптациялык механизмдери өтө татаал, өзүнө таандык социалдык жана биологиялык өзгөчөлүктөр менен аныкталат. Адаптациянын мыйзамченемдерин үйрөнүүдө физиология, биохимия, иммунология, психология ж. б. илимдердин жетишкендиктери пайдаланылат. Киши организминин көнүгүү реакцияларынын (адаптация реакцияларынын) тез (өзүнө таандык), жай болуучу (өзүнө таандык эмес), тубаса (түрдүн эволюция процессинде калыптанган) же кийин пайда болгон (ар бир организм үчүн жекече) түрлөрү бар. Адаптациянын тубаса тез реакцияларына ооруткуч таасирлерден кол-бутту тартып алуу, оор жумуш жасоодо дем алуунун жана кан айлануунун тездеши, суукта булчуңдардын титиреши, теринин күдүрөйүшү, күүгүмдө жарыкты сезгичтиктин жана ызы-чууда угуунун жогорулашы ж. б. кирет. Булар машыгуунун натыйжасында өзгөрүүсү мүмкүн. Адаптация процессинде адегенде организмдин функциясы бузулат, андан кийин толук эмес көнүгүү; акырында салыштырма туруктуу көнүгүү байкалат. Функциянын бузулуу мезгилинде адаптациянын реакциялары вегетатив нерв системасынын активдүүлүгүн жогорулатат, канда гормондор көбөйөт. Бул зат алмашууну күчөтөт, клеткалардын функциялык резервдерин топтойт, мунун натыйжасында адаптациянын тез реакциясы аракетке келет. Зат алмашуу процессинин интенсивдүүлүгүнүн узакка созулушу бир эле клетка ичиндеги механизмдердин эсебинен болуп, клетканын генетикалык аппаратынын активдүүлүгүнө жана клетканын көлөмүнүн чоңоюшуна алып келет. Ошондуктан такай оор атлетика менен машыккандар акырындап мурда көтөрө албаган оор нерселерди көтөрө баштайт, бийиктиктеги кычкылтек жетишсиздигине көнүү адамдардын бийиктөө шартындагы активдүү тиричилигин камсыз кылат. Адаптациянын жай көнүгүү реакцияларынын натыйжасында организм, мисалы, бийиктикке, суукка, ысыкка, кычкылтек жетишсиздигине, атмосфера басымынын өзгөрүшүнө, аргасыздан болгон кыймылсыздыкка көнүгөт; оору пайда кылуучу микробдор, иондоштуруучу нурлануу ж. б. ооруткуч факторлордун таасирине туруктуулугу жогорулайт.

Адаптация жөндөмдүүлүк[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ар бир адам үчүн адаптация жөндөмдүүлүгү (чеги) анын тукум куугучтугу, жашы, ден соолугу жана машыгуу көрсөткүчү менен байланыштуу. Такай машыгуу, иштөө жана эс алуу режимин сактоо, ден соолукту чыңдоо адаптациянын диапазонун гана кеңейтпестен, ошондой эле мурдагы адаптация процессин жакшыртат. Ошондуктан гигиеналык гимнастика (зарядка) жана денени чыңдоо организмдин ооруга туруктуулугун жогорулатат.

Организмдин ыңгайланышуусу тууралуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бардык эле организм жашоого бирдей ыңгайланышпайт, ар бир организмдин түрлөрү жана алардын популяциялары жашоого ыңгайланышып жашоого мерчемдүү, өзүнө жагымдүү биоценоздо жайгашат. Организм өзүнүн жашоосунда жагымдуу шарттарды талап кылынат.

Алгачкы баскычы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Организмдин жашоого ыңгайланышынын алгачкы баскычы клетка деңгээлинен башталат. Мисалы, бир клеткалуу организмдерге кирүүчү ич өткөк бактериясы жашаган чөйрөсүндө кант глюкоза болгондо гана көбөйөт, анткени ага ферменттердин кереги жок, ал эми жашаган чөйрөсүндө кант аз же жокко эсе учурда, ал кантты пайда кылыш үчүн лактозаны глюкозага айландырат. Бул учурда ич өткөк бактериясы демилгелүү болот. Бул мисал жалаң гана ич өткөк бактериясына тиешелүү эмес, бардык клеткалуу организмдер белгилүү бир чөйрөдө тирилчилик кылууда клеткаларынын кыймыл аракеттери өзгөрөт.

Экинчи баскычы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Организмдин жашоого ыңгайлануусунун экинчи баскычы клеткалар жыйындысы ткань деңгээлинде жүрөт. Организмдердин экологиялык жагымсыз шартта жашоого ыңгайлашуусунда, алардын кыймыл аракеттерине карата булчуңдары жана башка органдары бөтөнчө өөрчүп жашоого ыңгайланышат. Мис., бийик тоолуу жерде жашагандардын өзгөчө булчуңдары өрчүйт жана аларда миоглобин (булчуң гемоглобини), ошондой эле өпкөсүндө, көзүндө гликоген көп топтолот жана дагы бийик тоолуу жерде жашаган омурткалуулардын ичегиси, узун болуп, азыкты тез сиңирүүгө жардам берет. Организмдердин органдарынын, ткандарынын мындай өзгөрүүлөрү ички жана сырткы гомеостаздардын биримдигине байланыштуу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ден соолук»: Медициналык энциклопедия/Башкы ред. Борбугулов М. Б.; Кырг. ССР ИА ж. б.— Ф.: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы ред., 1991.— 456 б. ISBN 5-89750-008-8
  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. "Биология" энциклопедиялык окуу куралы. -Б.:2004, ISBN 9967-14-002-4