Түтөк

Википедия дан

Түтөк — бийик тоого чыкканда абада кычкылтектин азайышынан келип чыккан оорулуу абал.

Себептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ал кээ бир органдар менен системалардын (биринчи кезекте борбордук нерв системасынын клеткаларынын) функциясынын кычкылтектин жетишсиздигинен бузулушуна байланыштуу. Бийикке көтөрүлгөн сайын түтөк күчөйт, анткени дем алуу органдары организмди кычкылтек менен толук камсыз кыла албай калат. Абада кычкылтек аз болгондуктан өпкөдө анын нормалдык басымы төмөндөп, артерия каны кычкылтек менен каныкпай оору пайда болот.

Белгилери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Түтөктүн негизги белгилери — күйүгүү, жүрөктүн тездеп согушу, баш айлануу, кулак тунуу, баш оору, алсыздануу, мурундан кан агуу, көңүл айнуу. Түтөктү чарчоо, үшүп калуу, ультракызгылт-көк радиация күчөтөт. Түтөк бийиктикке токтоосуз чыкканда, машина, асма жол менен көтөрүлгөндө жана башкалар болушу мүмкүн. Акырындык менен көтөрүлсө, адаптациянын (көнүү) натыйжасында 3 күндөн кийин түтөк белгилери азаят. Түтөк адатта 4000 м бийиктикте болот, бирок алгачкы белгилери (мисалы, талыкшуу) улгайган адамдарда 1000 мден эле башталат. 2000 м бийиктикте кээде ээлигүү (эйфория) пайда болот. Күч келүүдө (мисалы, оор жүк менен чыкканда) кычкылтектин жетишсиздиги 3000 мде эле сезилет (күйүгүү, баш оору жана башкалар). 4000 мден жогорулаганда сүйлөө бузулат. 5000 мде мээ кыртышы жабыркап, кома, жүрөк-кан тамыр жетишсиздиги байкалат.

Дарылоо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Түтөктү дарылоодо организмдин ткандарын кычкылтек менен камсыз кылуу маанилүү. Ал үчүн жабыркаган кишини тоодон ылдый түшүрүп, зарыл учурда кычкылтек менен жасалма дем алдыруу керек. Кызыл чай, кофе ичирип, нашатырь спиртин жыттатуу да анын абалын жеңилдетет. Башы ооруса фенацентин, амидопирин берсе болот.

Алдын алуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Түтөктүн алдын алуу үчүн барокамерада көнүгүү жүргүзүү жакшы натыйжа берет. Ошондой эле организм кычкылтекти көп сарптаган спорт оюндары менен машыгуу зарыл. Түтөк болбос үчүн тоого чыгып баратканда кычкылтек менен жасалма дем алуу, ошондой эле эриген кантка лимон кислотасын кошуп (200 г кантка 15 г лимон кислотасын) ичүү, витамин, айрыкча С витамини сунуш кылынат.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8