Спорт оюндары
Спорт оюндары (бадминтон, баскетбол, волейбол, футбол, кол тобу, хоккей жана башкалар) организмге ар тараптуу таасир тийгизет.
Таасири
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Алар ар кандай кыймыл-аракеттерден (чуркоо, басуу, секирүү, ыргытуу, топ чабуу, топ тосуу жана башкалар ар багытта аткарылган кыймылдар) турат. Спорт оюндары күчтү, ыкчамдыкты, көз менен болжолдоону, чыдамкайлыкты, жолдоштукту жана башкалар өөрчүтөт, дем алуу, жүрөк-кан тамыр, булчуң жана нерв системаларынын ишин, зат алмашууну жакшыртат, таяныч-кыймыл аппаратын бекемдейт. Спорт оюндарынын ар бир түрү атайын иштелип чыккан эрежелер менен ойнолот. Командалык оюн оюнчуларды тартиптүүлүккө, коллектив менен иштөөгө, жолдошчулукка жана өз ара жардамдашууга тарбиялайт.
Мааниси
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Спорт оюндары тарбиялык жана ден соолукту чыңдоодо чоң мааниге ээ. Спорт оюндары менен машыгуу ар кимдин даярдык деңгээлине, жашына, жыныстык өзгөчөлүгүнө ылайыкталат. Кыймыл-аракеттин татаалдыгына жана оордугуна жараша спорт оюндары шарттуу түрдө үч топко бөлүнөт. Биринчи топко кирген спорттун түрлөрү (бадминтон, волейбол, теннис) кыймыл-аракеттин салыштырмалуу жеңилдиги менен мүнөздөлүп, аны менен бардык кишилер (балдардан карыларга чейин), ошондой эле мурда спорт менен машыкпагандар да ойносо болот. Экинчи топтогу С. ошондой (баскетбол, кол тобу жана башкалар) салыштырмалуу татаал келип, ойноо темпи жогору болот. Ошондуктан, спорттун бул түрү менен негизинен жаштар машыгышат. Ал эми үчүнчү топтогу спорт оюндары (футбол, хоккей, мотобол) жогорку чебердикти, күчтү, ыкчамдыкты талап кылат. Ошондуктан бул оюндарга эркектер гана катышат.
Спорт оюндары — спорт менен машыгуунун массалык түрү. Ал мектепте жана мектептен тышкаркы физкультура кыймылында чоң мааниге ээ.
Колдонулган адабият
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8