Жасалма дем алдыруу

Википедия дан
Жасалма дем алдыруу

Жасалма дем алдыруу — өпкөгө абаны жасалма киргизип жана аны кайра чыгаруу. Жасалма дем алдыруу ар түрдүү кокустуктарда, ар кандай ооруда, клиникалык өлүм учурунда, мээде кан айлануу бузулганда, мээ күпчөгүндө (суу толуп калганда), мээ сезгенгенде же мээнин травмасында жана ар түрдүү уулануудан мээ жабыркаганда, шал оорусунда, ууланганда, дем алууга катышуучу көкүрөк, моюн, булчуң эттер сезгенгенде; кабырга, омуртка сынганда, өпкөнүн түрдүү ооруларында (мисалы, өпкө шишигенде, бронх астмасында жана башка) жасалат. Азыркы кезде негизинен өпкөгө абаны үйлөп киргизүү ыкмалары колдонулат. Ага «ооздон оозго», «ооздон мурунга» үйлөө, кекиртекке түтүк салып, ал аркылуу өпкөгө газды үйлөө, же бетке маска коюп, ал маска менен абаны үйлөп, өпкөгө киргизүү жана башка кирет.

Дем алуунун токтоп калышы себебине карабастан — адамдын өмүрүнө өтө коркунуч туудура турган абал. Дем алуу жана жүрөк токтогон учурда адам клиникалык өлүм абалына келет. 4—6 минутанын ичинде организмде кычкылтек жетишсиздигинен жана көмүр кычкыл газынын көбөйүшүнөн жашоонун эң негизги органдарында кайта калыбына келбей турган бузулуулар пайда болот да, организм биологиялык өлүмгө дуушар болот. Эгерде ушул кыска мөөнөттө кайра жандандыруу боюнча аракеттер жасалса, адамды клиникалык өлүм абалынан кайра чыгарып алууга толук мүмкүнчүлүк бар. Жасалма дем алдыруу үчүн эс-учун жоготкон адамды катуу жерге чалкасынан жаткырып, оозу, мурдун ар кыл заттардан (ылай, кан, кум, ириң, тамак) тазалайт. Эс учу жок адамдын ээги бошоп калгандыктан, тил дем алуу жолун бүтөп калышы ыктымал. Оозду тазалагандан кийин жаакты жана ээкти өйдө көтөрүү керек. Мунун натыйжасында тил көтөрүлүп, жол ачылат. Бул аракеттерди жасагандан кийин Жасалма дем алдырууну (жөнөкөй «ооздон оозго жана ооздон мурунга абаны үйлөө» жолдору менен) баштоо зарыл. Жасалма дем алдырчу адам адам жаткан кишинин оң жагында болуп, сол колу менен чекесинен басып башты артка чалкалатып, оң колу менен ээкти көтөрөт. Өзү терең дем алып, жаткан кишинин оозуна үйлөйт. Оорулуунун оозуна таза чүпүрөк (бет аарчы, даки жана башка) жаап алып үйлөгөн жакшы. Абаны катуу үйлөгөндөн кийин адамдын оозунан өз оозун тез тартып алат. Бул маалда оорулуу дем чыгарат. Дем чыгып бүткөндө кайра үйлөө керек. Ооздон оозго үйлөп дем алдырууда оорулуунун мурдун чымчып бүтөп туруу, ал эми ооздон мурунга (таноо-лорго) үйлөп дем алдырууда адамдын эриндерин бекем жаап туруу зарыл. Абаны үйлөп дем алдыруу минутасына 12 — 20 жолу болуш керек.

Дем алуу токтогондо жүрөк да токтоп калса, Жасалма дем алдырууну жүрөк массажы менен бир убакта жасоо зарыл. Эгерде жалгыз адам жардам көрсөтсө, Жасалма дем алдыруу менен массаж (1 — 2 жолу үйлөп, 5 — 10 жолу массаж) жасоону айкалыштыруу керек. Эгерде эки киши жардам көрсөтсө бирөө дем алдырып, экинчиси массаж жасаганы максатка ылайык. Ооруканада жана тез жардамдын кызматкери Жасалма дем алдыруу үчүн атайын аппараттар колдонулат. Атайын аппараттар хирургиялык операциялардагы наркоз жасоодо да пайдаланылат, ошондой эле организмди тирилтүү макаласын


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8