Дем алуу органдары

Википедия дан

Дем алуу органдары - организм менен тышкы чөйрөнүн ортосундагы газ алмашуу кызматын аткаруучу органдар. Дем алуу органдары кычкылтекти атмосферадагы абадан эркин же сууда эриген абалда алган жаныбарларда гана болот. Анаэробдордун,көпчүлүк жөнөкөй аэробдордун (жөнөкөйлөр, былпылдактар, ичеги көңдөйлүүлөр жана башкалардын) дем алуу органдары болбойт, аларда дем алуу териси аркылуу диффузия жолу менен жүрөт. Дем алуу органдары түрдүү организмде ар башка түзүлүштө болот. Абадан дем алуучулардын дем алуу органдары — өпкө жана кекиртек, ал эми суудан дем алуучуларда — бакалоор. Бардык жерде-сууда жашоочулар, канаттуулар, сүтэмүүчүлөр, кээ бир балыктар — өпкөсү, көпчүлүк балыктар, айрым жерде-сууда жашоочулардын личинкасы, үлүлдөр бакалоору менен дем алышат. Алгачкы дем алуу органдарымуунак курттарда бакалоор түрүндө пайда болгон. Сууда газ алмашууга бакалоордон башка ктенидия да катышат. Кээ бир балыктарда (кычкылтеги аз баткактуу көлмөдө жашаган) бакалооруна кошумча дем алуу органдары өөрчүйт, ошондой эле арткы ичегинин кээ бир бөлүгү (кээ бир жаян сымалдар) да дем алууга катышат. Адамда дем алуу органдары аба өткөрүүчү жолдордон (мурун, коко, кекиртек, бронхтор) жана өпкөдөн турат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 3-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. ISBN 978–9967–14–074–5