Көз

Wikipedia дан
Адамдын көзү(оң)

Көз (лат. oculus) — көрүү органы; сезүү органдарынын эң негизгилеринин бири.

Көздүн түзүлүшү[оңдоо]

Ал көз алмасынан жана анын жардамчы аппараттарынан турат. Көз алмасынын арткы уюлунан көрүү нерви чыгып мээ менен байланышкан. Көз алмасы шар сымал, алдыңкы уюлу томпок линзага окшош. Көз алмасы көз чанагында жайгашып, ички ядросунан жана аны курчап турган үч катмардан (ички, ортоңку жана сырткы) турат. Көз алмасынын сырткы катмарынын алдыңкы уюлу жарык нурун өткөрүүгө ылайыкталган тунук, сааттын айнегине окшош келип, тунук чел деп аталат. Көз алмасынын сырткы катмарынын тунук челден калган бөлүгү ак түстөгү катуу ткандан турат да, көздүн ак чели (склера) деп аталат.

Көздүн ак челинин арт жагында тегерете көз булчуңдары бекип, көз алмасынын кыймылын камсыз кылат. Көз алмасынын ортоңку катмары кан тамырга өтө бай, ошондуктан кан тамырлуу катмар деп аталат. Кан тамырлуу катмардын негизинде пигмент түү кабыкча жайгашып, пигменттин аз же көп болушуна жараша көз ар кандай түстө (карадан бозго чейин) болот.

Кишинин көзүнүн сырткы: 1—каш; 2,7— көз жапкактарынын кирпиктүү четтери; 3— көздүн агы; 4,9— көз кычыктары; 5— жаш этчеси; 6— көк жаа сымал кабык; 8— карек.

Кан тамырлуу катмардын алдыңкы бөлүгүн — түстүү жаа сымал кабык, ортосун кирпиктүү (цилиар) денече, арткы бөлүгүн — кан тамырлуу катмардын өзү түзөт.

Көздүн түзүлүш схемасы (туурасынан кесилген): 1—көздүн тунук кабыгы; 2—көздүн алдыңкы камерасы; 3— чечекей; 4— көздүн жаа сымал кабыгы; 5—конъюнктива; 6—ңилиар денеси; 7— көздүн ак кабыгы; 8, 16— көз. булчуңдары; 9—кан тамырлуу кабык; 10—торчо кабык; 11— айнек сымал дене; 12— көздүн торчо кабыгынын* сары тагы; 13— артернялар; 14— көрүү нерви; 15— көрүү нервинин кабыгы.


Түстүү жаа сымал кабыктын так ортосунда карек жайгашкан. Ал жарык шооласынын аз же көп түшүүсүнө жараша кичирейип же чоңоюп турат. Каректин чоңоюп же кичирейип турушун түстүү жаа сымал кабыкта жайгашкан атайын булчуңдар камсыз кылат.

Түстүү жаа сымал кабыктан артты карай улай кирпиктүү денече жайгашкан. Кирпиктүү денече жумурусунан келген тегерек. Анын ич жагындагы талчалары чечекейди кармап турат. Кирпиктүү денечеде чечекейди жукартып же калыңдатып туруучу булчуңдар бар.

Кан тамырлуу катмардын арткы бөлүгү жалаң кан тамырлардан турат да, анын сыртындагы кара пигмент кабыкчасы жарык нурун чагылтпастан жутуп турат. Көз алмасынын эң ички катмары — тор сымал катмар. Бул көздүн жарыкты жана ар кандай түстөрдү сезүүчү бөлүгү кан тамырлуу катмарды ичинен каптап, өтө татаал түзүлүштө. Тор сымал катмардын эң тереңинде жарык сезүүчү — таякчалар жана колбачалар жайгашкан. Көз алмасынын ички ядросу чечекей, айнек сымал килкилдек жана көздүн астыңкы, арткы камераларындагы суюктуктан турат. Чечекей эки жагы томпок линзага окшош тунук, ийилгич, каректин астында жайгашат. Кирпиктүү денеченин кирпикчелеринин жардамы аркылуу булчуңдардын жыйрылуусунун натыйжасында чечекей өзүнүн калыңдыгын өзгөртүп, алыстан же жакындан даана көрүүгө көздү ылайыктап турат. Анын бул физиологиялык кызматы аккомодация деп аталат.

Жарык нуру тунук чел[оңдоо]

Жарык нуру тунук чел, көз алмасынын камерасындагы суюктук, чечекей жана айнек сымал килкилдек аркылуу тор сымал катмарга өтүп, чечекей жарык нурун сындырып таякчалар менен колбачаларга фокустап түшүрүп турат. Тунук челдин жана чечекейдин томпогунун өзгөрүшү жарык нурун тор сымал катмардын алдына же артына түшүрүп, көрүү начарлайт (к. Астигматизм[1]). Мындай учурда көз айнек кийүүгө туура келет. Тунук чел менен жаа сымал кабыктын ортосундагы көңдөйчөдө көз алмасынын алдыңкы камерасы, ал эми жаа сымал кабык менен чечекейдин ортосунда арткы камера жайгашкан. Алдыңкы камера менен арткы камера карек аркылуу бири-бири менен кошулган. Камера ичиндеги суюктуктун басымынын жогорулашы — глаукоманын белгиси.

Көздүн жардамчы аппараттары[оңдоо]

Көздүн жардамчы аппараттарына каш, кирпик, көз жапкактары, жашты бөлүп чыгаруучу органдар жана жаш агуучу жолдор кирет. Алар көздү ар кандай тышкы таасирлерден сактайт. Каш чекеден ылдый карай аккан тердин көз жылчыгына куюлушунан сактаса, кирпиктер чаң, кар жана жамгырдын көздүн жылчыгына киришинен сактайт. Көздүн астыңкы жана үстүңкү жапкактарынын негизин тутумдаштыргыч ткандан турган кабыкча түзүп, сыртынан тери, ал эми ичинен конъюнктива менен капталган. Конъюнктива жеке эле көз жапкычтардын ички бетин каптабастан, көз алмасынын алдыңкы бетин да каптайт. Алдыңкы жана үстүңкү көз жапкагынын кырында кирпиктер жайгашат жана май бездеринин түтүгү ачылат.

Жаш бези көз чанагынын үстүңкү каптал бурчунда жайгашып, бир нече бөлүктөн турат да, жашты ондогон түтүкчөсү аркылуу конъюнктива баштыгынын ичине куят. Жаш түтүкчөлөрү аркылуу жаш баштыкчасына чогулат. Жаш баштыкчасынан жаш мурун көңдөйүнүн ичине жаш агуучу канал аркылуу агып түшүп, мурундун ичиндеги былжырлуу кабыкчанын бетинде бууга айланып, дем алуучу абаны нымдап турат.

Көздүн жана көз жапкактарынын кыймылы көз чанагынын ичинде жайгашкан атайын булчундардын жардамы менен аткарылат.

Көздүн булчуңдары түз жана кыйгач булчуңдардан турат. Бул булчуңдар адамдын башы жана денеси кайсы тарапка бурулса көздүн да ошол тарапка карашын камсыз кылат. Эгер бул булчуңдар туура эмес бекисе же алардын нервдери анча өөрчүбөсө, чалыр көз болууга себеп болот.

Көз оорулары жана жабыркашы[оңдоо]

Көздүн айрым оорулары жугуштуу болот (мисалы, конъюнктивит, трахома, блефарит жана башка). Ал шейшеп, сүлгү, бет аарчы жана башка аркылуу жугат; көп учурда оору козгогучтар көзгө кир кол менен түшөт, ошондуктан көздү сактоо жана ар кандай дарттардан коргоо үчүн өздүк гигиена эрежелерин сактоо зарыл. Айрым учурда улгайган адамдардын чечекейи тунарып, катаракта пайда болот. Көздө суюктуктун нормалдуу айланып туруу процесси бузулганда көздүн ички басымы көтөрүлүп, глаукомага алып келет. Көздүн бузулушу көбүнчө ички органдардын же системалардын кандайдыр бир оорусу менен байланыштуу болот. Борбордук жана четки нерв системасынын, жүрөк-кан тамыр системасынын оорусунда, ууланууда, зат алмашуу, ички секреция бездери бузулганда, ошондой эле көзгө жакын органдардын ооруу процессинин (бет терисинин жана бет сөөгүнүн, мурундун кошумча кобулдарынын оорусунда) таралышынан көздө өзгөрүүлөр байкалат. Бул ооруларды өз учурунда дарылоо көрүүнү сактап калууга жардам берет.

Көрүү начарлай баштаса, догдурга кайрылуу зарыл, эгер ал көз айнек жазып берсе, аны сөзсүз пайдалануу керек. Көз жабыркаганда көрүү өтө начарлап жана сокур болуп калуу мүмкүн. Көздүн бир аз жабыркашы өз убагында медициналык жардам көрсөтүлсө жакшы айыгып кетет. Көз травмалары макаласын.

Көз ооруларында жана жабыркашында дарылоо процедураларын аткаруу техникасы. Көз ооруганда же жабыркаганда врач сунуш кылган дарыны оорулуу өзү же жакындары сыйпайт же куят. Ошондуктан алар дарылоо процедураларын аткарууну билгени оң. Көздү кайнап муздатылган суу, коюу чай же врач сунуш кылган дезинфекциялоочу эритмеге тоголоктолгон кебезди малып тазалайт. Сол колдун сөөмөйү жана бармагы менен көз жапкагын ачып, нымдалган кебезди сыгып жууйт. Резина баллонун колдонсо андан жакшы, бирок суюктукту катуу агызып киргизүү туура эмес. Көпчүлүк медициналык каражаттар тамчы -түрүндө пайдаланылат.

Көзгө дары тамчылатарда колду таза жууп, оң колго тамчылаткычты кармап, дары толтуруп алып, сол кол менен көздүн төмөнкү жапкагын тартып (бул учурда оорулуу өйдө карашы керек) туруп, тамчылатат. Тамчы кийимге агып кетпеш үчүн тоголоктолгон кебезди кошо кармай жүрүү керек. Тамчылаткычта калган дары кайра идишине куюлбайт. Көзгө дарыны тамызгандан кийин көздүн ички кычыгын басып туруу зарыл. Кээ бир учурда бир нече дарыны пайдаланууга туура келет. Ар бир дарыга өзүнчө тамчылаткыч колдонуу максатка ылайык.

Май дарыларды атайын таякча менен сыйпайт. Таякчанын жалпак учуна бир аз май дарыны чыгарып алып, көздүн астыңкы жапкагын ачып сыйпайт. Оорулуу көзүн жумгандан кийин таякчаны тартып алат. Нымдуу жылыткыч компрессти 5—10 катар дакини (6Х 8 см) жылуу суу же дарыга малып, бир аз сыгып туруп жумулган көзгө коюп, үстүн андан чоңураак клеёнка же пергамент кагазы менен жаап, кебез коюп байлап 6—8 саат кармайт. Кургак жылытуу үчүн резина жылыткыч колдонулат. Жылыткычты көздү жумдуруп туруп, үстүнө таза салфетка же сүлгү жаап, анын үстүнө коюлат. Бул процедуралар врачтын сунушу боюнча гана жасалат.

Шилтемелер[оңдоо]

  1. Астигматизм (медицина)


Колдонулган адабияттар[оңдоо]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8