Аккомодация (медицинада)

Википедия дан

Аккомодация (медицинада) - (лат. akcomodatio - ыңгайлануу), көздүн алыс жана жакын аралыктагы нерсени даана көрүүгө ыңгайлануусу. Жакын жердеги нерсени караганда көздүн аккомодациялык булчуңу жыйрылып, ошондон улам чечекейдин томпоюшу чоңоёт да, көздүн жарык нурун чагылтып сындыруу кубаты күчөйт. Жакын нерселерден келген жарык нурлары көздүн торчо кабыгындагы фокуска топтолуп, буюм даана көрүнөт. Ден соолугу таза, көзү соо адам 40-45 жаштан өткөндөн кийин анын көзүндө аккомодациялык булчуңдун жыйрылышы жана чечекейдин чоюлууга ийкемдүүлүгү начарлайт, жакынды даана көрө албай калат. Көздүн ар кандай кырсыкка учуроосунан, ага узакка күч келтирүүдөн (китепти көзгө жакын кармап көпкө окуган балдарга), өзгөчө жарык таасиринен аккомодациялык булчуң жыйрылган бойдон калышы мүмкүн. Мындай учурда көз жакынды жакшы, алысты начар көрөт. Аккомодациянын начарлашын кадимки калыбына келтирүү үчүн, томпок линзалуу көзайнек кийүү сунуш кылынат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1