Аккордеон

Википедия дан

Аккордеон - (фр. accordeon) - клавиштүү үйлөмө музыкалык аспап. XIX кыдымда Европа өлкөлөрүндө жана Россияда таралган. Оң жагындагы баскычтуу клавиатура үч октаваны тузөт. Сол тарабындагы топчулуу клавиатура 6 же 7 катардан турат да; биринчи жана экинчи катарларда бастын үндөрү жайланышкан,калган катарлардагы топчулар даяр аккорддун үндөрүн чыгарышат. Андан тышкары аккордеон аспаптын үндөрүнүн тембрин алмаштыруучу, же үндөрдү октавага эки эселентчүү регистр-которгучтар менен жабдылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1
  • Өзбек Абдылдаев "Кыскача музыкалык сөздүк". Бишкек,2016. ISBN 978-9967-432-99-4.