Аккредитацияланган элчилик

Википедия дан

Аккредитацияланган элчилик -Бир мамлекет дипломатиялык байланышы бар башка бир мамлекетке туруктуу элчилик ачышы мүмкүн.

Бирок кээ бир учурларда материалдык себептерден улам же болбосо тиешелүү деңгээлде байланышы болбогондугунан улам ал мамлекетке элчилик ачпай туруп, анын жанындагы башка бир мамлекеттеги элчилигин ошол мамлекетке көзөмөл кылууну тапшырат. Бул типтеги элчилик аккредитацияланган элчилик деп аталат. Бул мамлекеттеги элчи аккредитацияланган экинчи бир мамлекетке же мамлекеттерге барып, түрдүү дипломатиялык иштерди жасоого укуктуу, кээде жолугушууларды белгилегенге да акылуу болот.

Мисалы, Түркиянын Индиядагы Жаңы Дели элчилиги Непал, Цейлон жана Бирма сыяктуу мамлекеттерге, Сенегалдагы Дакар элчилиги Гана, Мали, Либерия, Гамбия жана Мавританияга, Рим элчилиги Мальтага, Осло элчилиги Исландияга аккредитацияланган. Ушул сыяктуу эле Тегерандагы Малайзия элчилиги, Бейруттагы Катар элчилиги, Римдеги Ирландия элчилиги Түркияга аккредитацияланган. Бир өлкөнүн башка өлкөдө туруктуу элчилиги болсо, экинчи бир өлкөнүн ал өлкөдө аккредитацияланган элчилиги болушу мүмкүн. Мисалы, Түркиянын Нигерия, Гана, Ирландия сыяктуу өлкөлөрдө туруктуу элчиликтери болсо, ал өлкөлөрдүн башка өлкөлөрдөгү элчиликтери Түркияга аккредитацияланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эл аралык мамилелер сөздүгү/ Түз. Аббас Караагачлы; котор. Топчугүл Нармаматова, -Б.:КТМУ, 2008.- б. ISBN 978-9967-24-921-9