Аккуланын булагы

Википедия дан

Аккуланын булагыКара-Кулжа районунун Ажике айылынын Ак-Башат жайлоосундагы булак. Элдин айтымына караганда Манас кырк чоросу менен казатта жүрүп, Алайдан Кара-Кулжага ашып келе жатканда абдан суусайт. Аттары да суу ичпегени көп болот. Манас кайсы жерде булак бар болду экен деп дүрбү салып жатканда минген тулпары Аккула жерди жыттап туруп чалгып-чалгып алган экен. Ал жерден оргуштап билектей суу атып, чыгат. Ошондон улам ал булак — "Аккуланын булагы" аталып калган имиш.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4