Аккуу

Википедия дан
Аккуу.
Cygnus cygnus

Аккуу (лат. Cygnus Cygnus), (Linnaeus, 1758):

Жалпы жана өлкөдө таралышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргызстанда Сөңкөлдө кээбир жуптары уялашылган. Келгин учурунда республиканын бардык жерлеринде кездешет. Ысыккөлдө массалык түрдө кыштайт . Жайында кээбир учурда ири көлмөлөрдө кездешет.

Жашаган аймактары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Өсүмдүктөргө бай, ири көлмөлөрдүн тайыз жерлери. Сөңкөлдө осока өскөн көлдүн тайыз жерлерине уялайт .

Саны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сөңкөлдө бир-эки жуп 1999 жылына чейин уялган. Ысыккөлдө күзүндө 1400гө жакын куштардын чогулушу белгилүү.

Жашоо тиричилиги (жашоо циклдары)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жыныстык жагынан 4-жылда барып жетилет. Уясына 7ге чейин жумуртка тууйт. Республикада анын табигый душмандары жок. Көбүнчө суудагы жана жээктеги өсүмдүктөр менен азыктанат.

Чектөөчү факторлор[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Катуу суукта Ысыккөлдүн тайыз жерлерин муз каптаганда ачкадан өлүшөт. Кээде сууга тоңгон же ачкадан алсыздаган аккуулар бүркүттөргө жем болушат. Браконңерлик.

Көбөйтүү (колдо багуу)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдо оңой көбөйөт.

Уюштурулган коргоо аракеттери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1985-жылы Кыргыз ССРинин Кызыл китебине жана Казакстандын Кызыл китебине киргизилген. Аңчылыкка тыюу салынган. Караталжапырык жана Ысыккөл коруктарынын территориясында коргоого алынган.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ысыккөлдө кыштоо мезгилинде коргоону күчөтүү.Сонкөлдүн батыш жээгине кидик заповедник уюштурууга зарыл. Кыштоочу жана уялоочу жерлерине мезгил- мезгили менен мониторинг жүргүзүү.

Статусу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

VII категория, Least Concern, LC. Монотиптүү түр.Дүйнөлүк фаунанын уруусунун 7 түрүнүн жана Кыргызстандын фаунасынын 3 түрүнүн бири.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]