Аккыпчак, урук

Википедия дан

Ак кыпчак - кыпчак уруусунун курамындагы урук[1].

Этнонимдин параллели Өзбекстандын Самарканд аймагындагы кыпчактардын курамында бар. Айрым маалыматтарга караганда ак кыпчактар бул аймакка (Самарканд аймагы) ХVIII-ХIХ к. азыркы Түштүк Казакстандан көчүп келишкен[2]. Бул уруктардын түпкү теги бир болуу керек. Этнонимдин биринчи компоненти “ак” уруктун (уруунун) географиялык жайгашуусун аныктары ыктымал. Бүгүнкү хакастардын курамында “ак хыргыс” аттуу сөөк (урук) бар экендиги маалым[3]. «Ак» комионенти этникалык топтун же бирикменин географиялык жайгашуу абалына байланыштуу келип чыгышы мүмкүн.

Эскертүүлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Төрөкан уулу, 1995, 158.
  2. Шаниязов, 1974, 129-130.
  3. Бутанаев, 1990, 65.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]