Аккөзова Үлпаткан

Википедия дан

Аккөзова Үлпаткан 1949-жылы Сузак районунун Багыш айылында туулган.

  • 1967-жылы №9 Мичурин атындагы орто мектепти,
  • 1973-жылы Фрунзедеги Кыргыз Мамлекеттик Медициналык Институттун дарылоо факультетин аяктаган.
  • 1973-1977-жылдары, Жалал-Абад шаардык №2 поликлиникасында участкалык терапевт,
  • 1977-1985-жылдары, Кочкор- Ата шаарчасында терапия бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.
  • 1986-жылдан, ушул күнгө чейин, Жалал- Абад шаардык, андан кийин областтык кардиология бөлүмүндө врач-кардиолог болуп эмгектенип келе жатат.
  • 1996-жылы Саламаттыкты Сактоонун отличниги медалы менен сыйланган.
  • Бир канча Ардак грамоталардын ээси.
  • Жалал-Абад шаарынын “Ардактуу Атуулу”.
  • Үй-бүлөлүү.
  • 3 уул 1 кыздын энеси.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3