Аккөзов Акматали

Википедия дан

Аккөзов Акматали 1924-жылы Сузак районунун Багыш айылында туулган.

  • Эмгек жолун 1939-жылы Кызыл-Туу колхозунда учетчик болуп иштеп баштаган, андан кийин ферма башчысы болгон.
  • 1942-жылы согушка кетип 1947-жылы согуштан келген.
  • 1947-1953-жылдары Кызыл-Туу колхозунда бригадир жана райондук жашылча даярдоочу пункттун башчысы, 1952-1954-жылдары Октябрь райкомунун уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, 1954-1962-жылдары Жаңы-Кайрат, Ленин-Жол колхоздорунун башкармасы, 1963-1964-жылдары Дружба совхозунда жумушчулар комитетинин төрагасы, 1964-1968-жылдары Карл Маркс атындагы колхоздо башкарма болуп иштеген.

Ал киши иштеген чарбалардын, мыкты көрсөткүчтөрү үчүн, бир нече жолу Республикалык Ардак тактага сүрөтү илинген. “Кызыл Жылдыз”жана “Ардак белгиси” ордендеринин, Айыл чарба Министрлигинин Ардак грамоталарынын ээси. Согуш маалында: “Медаль за Отвагу” “Медаль за взятие Берлина” Вены, Будапешта деген медалдары менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3