Аккөл полиметалл кени

Википедия дан

Аккөл полиметалл кени Нарын облусунун Жумгал районундагы Аккөл кыштагынан түштүк тарапта, Кабак тоосунун түндүк капталындагы Аккөл суусунун баш жагында. Кен жергиликтүү элге илгертен белгилүү. 1936–37-ж. геол. чалгындоо жумуштары жүргүзүлүп, запасы аныкталган. Кен аймагы Ортожон антиклиналынын чегинде жайгашып, ордовик мезгилинин кумдугунан, сланецтеринен, карбондун конгломераттарынан турат. Антиклиналдык түзүлүштүн борбордук бөлүгү аркылуу Аккөл тектоникалык ири жаракасы өтөт. Руда ошол жаракадан кезигет. Кен негизинен кварц, кальцит, барит, галенит, сфалерит, халькопирит минералдарынан турган ичке тарамчалар, майда уячалар жана бүртүкчөлөрдөн түзүлгөн 11 руда тилкесинен турат. Алардын узундугу 10–120 м, калыңдыгы 1 мге чейин. Руда герцин металлогениялык доорунда гидротерм жолу менен пайда болгон. Кенден 1950–60-ж. коргошун казып алынып, киреше бербегендиктен токтотулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]