Акматалиев, Амантур Сейтаалы уулу

Википедия дан
Журналист жана этнограф Амантур Сейтаалы уулу Акматалиев Бишкек шаарында. Кыргызстан. 1991.

Амантур Сейтаалы уулу Акматалиев (Акматаалы-тегин, 12.12.1934, Бөрүлү кыштоосу, Нарын району - 30.8.2002, Кочкор өрөөнү, Нарын) – кыргыздын чыгаан этнограф журналисти, публицисти, агартуучусу жана көркөм өнөр таануучусу.

Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Амантур Сейтаалы уулу Акматалиев Кыргызстандын Нарын облусуна караштуу Нарын районундагы (мурдагы Тянь-Шань районундагы) Жерге-Тал өрөөнүндө Бөрүлү кыштоосунда 1934-жылы 12-декабрда туулган. Ата-теги моңолдор уруусунан болгон. Чоң атасы Арпачы Ажибек уулу молдо киши болгон.

1951-жылы Нарын педагогикалык окуу жайын аяктаган.

1954-жылы Нарын мугалимдер институтун бүтүргөн.

1966-жылы Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

1954-72-жылдары Лейлек жана Нарын райондорунда мугалим, мектеп директору, “Советтик Кыргызстан” гезитинин адабий кызматкери, Нарын районунун “Коммунисттик эмгек” гезитинин баш редактору жана башка кызматтарда иштеген.

1972-жылдан негизинен Бишкекте жашаган жана иштеген.

1991-жылдын май айынан бир нече жыл бою “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги тыш кабарчысы катары иштеп, кыргыз көркөм өнөрү жана каада-салттары тууралуу баяндарды обого чыгарган.

1993-жылдан тартып “Манас-1000” Мамлекеттик дирекциясында этнография боюнча адис болуп иштеди.

Кыргыздын этнографы жана журналисти Амантур Сейтаалы уулу Акматалиев боз үй жасаган чеберлердин ишин баалоо маалында. 1995.

Кыргыз педагогика илим изилдөө институтунда кыйла жылдар кызматкер болду.

Кыргыз элинин 21-кылымдын башындагы дүйнөлөшүү жүрүмү маалындагы түйшүктөрүнө сересеп салып:

“Чыныгы кыргыздын өсүшүн тилейбиз. Анткени азыркы кырдаал опурталдуу, Кыргыз улуту жоюлууга тийиш эмес. ХХI кылым билимдүүлөрдүн, илимдүүлөрдүн кылымы дейбиз. Кыргыз эли "төө бастыда" калбаса болгону!” - деп жазганы бар. (“Каада-салт, үрп-адат, адамдык оң-терс сапат”. 2002-жыл).

2002-жылдын 30-август күнү Кыргызстандын Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Теңдик айылына жакын жерде автокырсыктан улам мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.

Үй-бүлөсү тууралуу маалымат[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Үч ирет үйлөнгөн.

Уулдары: академик Абдылдажан Амантурович Акматалиев (учурда КР Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти) жана Уулбек Амантурович Акматалиев кесиби боюнча тарыхчы (учурда КР Президентинин Иш башкармалыгынын маалыматташтыруу жана телекоммуникация бөлүмүнүн кызматкери, 24.5.1973), кыздары: Уулкан Акматалиева (23.9.1969) жана Сүйүмкан Амантур кызы (22.7.1975).

Абдылдажан Акматалиев Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында. Бишкек шаары, Кыргызстан. 20.9.2010.

Чыгармачыл мурасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Амантур Акматалиев кыргыз колдонмо өнөрүн жана анын устаттарын (уздар, усталар, чеберлер) кылдат иликтеп, алардын тажрыйбаларын жана өрнөктүү ишмердигин этнографиялык илимге сыпаттап калтырган өз демилгелүү окумуштуу жана журналист болчу.

Адепке, ыймандуулукка чакырган инсан болгон.

Анын насаат сөздөрүнөн:

“Мурас - ата-бабадан келе жаткан адептүүлүк. Анын ыйманы ичинде. Ал адамдарга коңурдуулук, туруктуулук, сүйкүмдүүлүк, ажардуулук аркылуу көрүнөт. Т.а. ыймандуулук, адептүүлүк экөө биринин сапатын, даражасын бири толуктайт. Адамдардын ою боюнча түбөлүккө жашайт. Адамдык оң таасирлер ар дайым жаныңда”. (2002-жыл).

Дагы бир насаат (дидактикалык) ою:

“Балдар жана кыздар. Сылык мамиле кылууда улууларды сиз, сиздер, өзүңүз, өзүңүздөр, акелер, үкөлөр-иникелер деп кайрылат. Жолдошторго, теңтуштарга сен, силер, өзүңөр, өзүң, алар, тиги, бул өңдүү кайрылуулар да боло берет. Улуулар тууралуу мамиле болуп жатканда, мисалы, Турсунай эже, же эжеке, же Сүйүмкан тайэже, Уланбек байке, же ава, же аке, же байке, Бообек ата, же чоң ата, тайата, Мунаркүл эне, чоң эне, тайэне, тайжеңе.

Кичүүлөр жөнүндө: Урмат иним, же үкөм, Алтынай карындашым, же Уулкан апам, Уулбек тайакем өңдүү айтылат. Бейтааныш балдар-кыздарга кайрылууда: "Сиз" деш сыпаакерчилик кылат. Кыргызда "Сиз" деш сылык сөз. "Сен" деген сенек сөз дейт. Жашамак тарткандар, кары-карыялар бири-бирине "Сиз" деп айтуу сыпайыкерчилик болот”. (2002-жыл).

Ыраматылык Амантур Сейтаалы уулу Акматалиевдин (1934-2002) эл оозунан жазып калтырган накыл сөздөрүнөн.

"Көлдүн күңгөйүндө (Ысык-Көл району, Корумду айылы, Турдакун уулу Жунушбай кезегинде айыл билермандары аталып, кеп-сөзгө эгедер, мыкты карыялардан болгон. Байбичеси Мария уз, үйүнө эски салттуу нускалар мыкты сакталган).

Жунушбай атанын мурунку карыялардан угуп айтаны:

"Анжияндык айры сакал сынчы Сынчыбекке Бугунун атактуу манабы Боромбайдын уулу Өмүрзак:

- Кадырман сынчым, бу дүйнөдө эмне жаман? - деген суроо койот.

- Эл-журтту бийлеп жүрүп, ошону билбейсиңби? - деп туруп, сынчы Сынчыбек бармак баштарын жуумп, санай баштайт:

- Эмесе жакшылап угуп тур:

- 1-жаман: Бирдиги жок эл жаман,

- 2-жаман: Энеси жок кыз жаман,

- 3-жаман: Үлгүсүз бычкан иш жаман,

- 4-жаман: Төрөсү жок эл жаман,

- 5-жаман: Уул-кызсыз белгисиз кеткен эр жаман,

- 6-жаман: Кочкору жок кой жаман,

- 7-жаман: Токсонго чыгып тоголонгон чал жаман,

- 8-жаман: Сендей олуттан калган чоң жаман.

Жунушбай карыя "карыялардан калган сөз" деп адамдардын жаш өзгөчөлүктөрү тууралуу минтип айткан:

Он жаш улак (улакча секирип ойнойсуң). Жыйырма бычак (өткүрсүң). Отуз өгөө (кесип түшөсүң). Кырк кылыч (көрүнгөнгө шилтейсиң). Элүү найза (токтоо чак). Алтымыш аркан (айылдан анча узабайсың). Жетимиш-тушамыш (тушалуу чак). Сексен чидер (үч буттайсың). Токсон-тоголок (тоголонуп, буйдалып каласың). Жүз кумалак (кара жер жаздандың, бүттүң).

Албетте, мындай сөздөрдү уга жүрүү, муундарга накыл болуп калат".

Амантур Акматалиев чогулткан айрым макалдар:

Аталар сөзү - акылдын көзү. Абийириңди жашыңдан сакта. Баласы баатырдын, атасы сыймыктуу. Отузунда ок ата албаган, кыркында кылыч чаба албайт. Адамдын көркү адилеттүүлүгүндө, жигиттин көркү адептүүлүгүндө. Жакшы болсоң жатык бол, улук болсоң кичик бол. Атаң менен мактанбай, азамат уулуң менен мактан. Атың жакшы болсо, жолдун ыраагы. Уулуң жакшы болсо, көңүл чырагы. Жаш улук эмес, акыл улук. Жигиттин куну - жүз жылкы, ары - миң жылкы. Жигит бар күндө бир кишилик, бир күндө миң кишилик. Карылык коркунуч эмес, өлүм коркунуч. Өмүрдөн жамандык күтпө, өлүмдөн жакшылык күтпө. Жаштык бар жерде жалын бар. Жаш күчү менен, карыя кеңеши менен. Өткөн өмүр - качкан куш, кайрылып келбейт үндөсө. Өткөн өмүр - өчкөн от, калган көңүл - качкан куш. Кубаныч жашартат, кайгы картайтат. Заманы жакшы болсо, карысы жаш болот.

Амантур Акматалиевдин оюнча, кыргыз баласынын “үч журту” бар:

“1. Ата журт. Бул - ата-бабасынан бери келе жаткан, киндик кан тамган, кирин жууган, көз ачкан, ата-энесин көргөн, көңүл сүйүп эпкен журту. Уул болобу, кыз болобу муну ыйык тутат. Кайда жүрбөйлү, эмне күндү көрбөйлү. Ата-Журт кимге болбосун - мисир. Эч качан элеси эстен кеткис, эч кимге бергис аттанып түшөөрүбүз - Ата Мекенибиз. Ошондуктан "Мен нарындыкмын", "Сен оштуксуң", "Ал аксылык", "Таалайбек таластык", "Акмат алайлык", "Баатырбек баткендик" - деп айтуудан ооз күйбөйт. Мында ар ким өзүнүн элин-жерин чакыруусу.

2. Тайын журт. "Эр тайын тартат". (Макал). Буга кыргыз баласынын энесинин төркүндөрү кирет. Тайата, тайэне, тайаке, тайжеңе, тайэже, тайжезде өңдүүлөрү аталгандан кийин жээнге алар кызы үчүн баарын аябайт, жээн эркелейт. Алаарын айтат "Жээн киргиче, жети бөрү кирсин"... Баланын Ата-Журту: "Мунун чыккан жери жакшы, биз ушулар менен көгөргөнбүз, агарганбыз" - деп, уулдун энесинин төркүндөрүн баалап, барктап турушат.

3. Кайын журт. Бул - уул-келинге бирдей аталуу. Уулдун аял алган тарабы, келиндин келген жери. Кайындоо - атайын кызга баруусу, арадан жуучу түшүүсү. Кайындап койгон - мурунтан барып, жуучу түшүп, кеби-сөзү бүтүп, кызга сөйкө салуусу, башкалардын барууга акысы жоктугу. Күткөн күн келгенде той баштоосу, жол-жобосу менен кызды алып кетүүсү. Эр жигит кайын журтуна күйөө бала, жезде, а мүмкүн күчкүйөө болот. Ал эми күйөө бала үчүн кайын ата, кайын эне, кайын ага, кайын эже, кайын жеңе, кайын ини, кайын жезде ж.б. аталат. Күйөө баланын жары да келген жериндеги жакындарын дал ушундай туюнат”.


(Булак: https://web.archive.org/web/20060621191119/http://janyzak.narod.ru/kitep/amantur/salt.htm )

Ал тууралуу пикирлер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусупов айтат(жеткиликсиз шилтеме):

"Кыргыздарда А.Акматалиевдей алиге мыкты адис этнограф жок. Ал кишинин айрым эмгектерин учурунда “Ала Тоо” журналына жарыялаган элек. Жакында кыргыз маданиятына байланыштуу бир китепти түзгөнгө катышып, Амантур акенин эмгектери менен кайрадан таанышып чыктым. Амантур аке баскан-турганы жай, сыйкор, нарк сактаган, эч убакта үнүн бийик чыгарбаган, бой көтөрбөгөн, жоош, кыйратып салдым деп мактанбаган, мага сыйлык бергиле деп дооматын артпаган, элди-жерди жөө-жалаңдап чарчабай кыдырып сөз, салт, накылды кагазга түшүргөн чыныгы патриот эле. Ал кыргыздын маданият салтына байланышкан ондой китеп чыгарыптыр. Улуттук салттан алыстап бараткандарга жана рухий маданиятты унуткандарга өтө керектүү эмгектер. А.Акматалиев кыргыздар келечекте жашоо-тиричилигине, салтына, пайдалуу, өтө бай мурас калтырды".

Эмгектеринин тизмеси (улам толукталмакчы)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Этнограф Амантур Акматалиевдин айрым китептери. Кыргызстан.
  • Акматалиев, Амантур. Кыргыздын уз-усталары: Антология / Башкы ред. А.Карыпкулов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1997. - 240 б. - ISBN 5-89750-080-0. - (Мында 717 чебер тууралуу мол маалымат камтылган).
  • Акматалиев, Амантур. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. – Фрунзе: Кыргызстан, 1975.
  • Акматалиев, Амантур. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек: Кыргызстан, 1996. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек: Кыргызстан, 1996(жеткиликсиз шилтеме)
  • Акматалиев, Амантур. Кыргыздын көөнөрбөс дөөлөттөрү. Окуу басылма. – Бишкек, 2000.
  • Акматалиев, Амантур Сейтаалы уулу. Каада-салт, үрп-адат, адамдык оң-терс сапат. – Бишкек: Бийиктик, 2002. – 400 бет. - ISBN 9967-21-100-8.
  • Акматалиев, Амантур. Мастера прикладного искусства: [Очерки] / А. Акматалиев. - Фрунзе: Кыргызстан, 1982. - 152 с. ил.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргызстандын кесиптик-техникалык билим берүүсүнүн отличниги наамын алган.

Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер (1992-жыл).

Ал тууралуу чыгармалар жана китеп макалалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Агартуучу, журналист жана этнограф Амантур Сейтаалы уулу Акматалиев (1934-2002): Чыгаан калемгердин 80 жылдыгына арналган жыйнак / Редколлегия: Т.К.Чоротегин (төрага), А.Эркебаев, ж.б.; жооптуу ред. А.Р.Бикбулатова. – Бишкек: MaxPrint басмаканасы, 2014. – 170 б., сүрөт. – “Мурас” фонду. – (“Тарых жана мурас” түрмөгү). - ISBN 978-9967-12-446-2.
  • Кыргызстан: Улуттук энциклопедия. 1-том. А – Базаркоргон / Башкы редактору академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. – 688 бет, илл. – (Мында: 223-бетте). - ISBN 9967-14-046-1.


  • Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Каада-салт, үрп-адат, адамдык оң-терс сапат. – Бишкек: Бийиктик, 2002. – 400 бет. – (Мында: 396-беттер). - ISBN 9967-21-100-8.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]