Акматалиев, Абдылдажан (Мелис) Амантурович

Википедия дан
Абдылдажан Акматалиев Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында. Бишкек шаары, Кыргызстан. 20.9.2010.


Акматалиев Абдылдажан (Мелис) Амантурович (15.1.1956-ж. т., Нарын ш.) — адабиятчы, сынчы, акын, филология илимдеринин доктору (1990), профессор (1991), Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер (1999), Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгынын эки жолку лауреаты (2002, 2004).

Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Абдылдажан (Мелис) Акматалиев 1956-жылы 15-январда Кыргызстандын Нарын облусундагы Нарын шаарында туулган.

Анын атасы - айтылуу кыргыз этнограф-журналисти Амантур Сейтаалы уулу Акматалиев болгон.

1972-жылы Фрунзе шаарынын №5 орто мектебин аяктаган.

Абдылдажан 1977-ж. Кыргыз мамлекеттик университетинин (КМУ, азыркы Жусуп Баласагын атындагы КУУ) филология факультетин бүткөн.

1979-жж. КМУда окутуучу болуп иштеген.

1979-жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейин Кыргыз Улуттук илимдер академиясында иштейт. Тил жана адабият институтунда кенже, 1983-жылдан улук, 1990- жылдан жетектөөчү илимий кызматкер болуп иштеди.

1992-жылдан 2013-жылга чейин институттун директору (1992-жылдан Кыргызстан УИАнын Адабият жана көркөм өнөр таануу институтунун директору, 1995-жылдан Манас таануу жана көркөм маданият улуттук борборунун директору; 2008-жылдын июнь айынан бери Кыргыз УИАсынын Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору) болуп иштеди.

2013-жылдан бери Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти кызматын аткарат. Эмгек стажы – 37 жыл.

Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматов менен Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, филология илимдеринин доктору, профессор Абдылдажан Акматалиев. Бишкек шаары, Кыргызстан. 2006-жыл.


Илимий чыгармачылыгы. Айтматов таануу.[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Илимий багыттары: Кыргыз тили, адабияты жана маданияты, “Манас” эпосу, Чыңгыз Айтматов.

Анын негизги эмгектери айтматов таанууга, Манас таанууга, кыргыз фольклористикасына, айрыкча Ч. Айтматовдун чыгармачылыгын иликтөөгө арналган.

37 монография, китептердин, 7 брошюранын, 600дөн ашуун макала-маектердин автору.

Эмгектери түрк, орус, англис, немец, француз, кытай, жапон, казак, өзбек, азербайжан тилдеринде жарык көргөн. Анын жетекчилиги менен кыргыз маданиятына байланыштуу 300дөн ашуун эмгек жарыкка чыккан.

Илимий-педагогикалык кадрлар даярдоодо да салым кошкон: 9 илимдин докторун, 49 илимдин кандидатын даярдаган.

Кадрлары республиканын бардык региондорун камтыйт, ошону менен бирге орус, түрк, кытай, казак улутунан да шакирттери бар.

Эл аралык 30дан, республикалык 150дөн ашуун илимий-практикалык конференциянын уюштуруучусу жана катышуучусу.

Москва, Бээжин, Токио, Сеул, Астана, Париж, Анкара, Стамбул ж.б. шаарларда илимий баяндамалар окуган.


Айтматов таануу боюнча айрым эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чыңгыз Айтматов менен Абдылдажан Акматалиев Парижде. 26.03.1999.
  • Ч. Айтматов жана кыргыз-казак адабий байланыш (1981),
  • Ч. Айтматовдун чыгармачылык жолу (1988)
  • Ч. Айтматовго таасирленүү (1988)
  • Ч. Айтматов жана боордош элдер адабияты (1988)
  • Ч. Айтматов: жизнь и творчество (1991)
  • Чыңгыз Айтматов и взаимосвязи литератур (1991)
  • Ч. Айтматов жана көркөм процесс (1992)
  • Значения творческой активности Ч. Айтматова в процессе взаимообогащения национальных литератур (1994)
  • Ч. Айтматовдун космосу – адам жана аалам” (1995)
  • Улуу асыл идеялар Манаста жана Айтматовдо (2010)
  • Рух дүйнөсү: Манас жана Айтматов (2012)
  • Ч. Айтматов: Человек и Вселенная (2013)


Бул жана башка монографиялар, китептер жана изилдөөлөр Айтматов таануу илиминдеги урунтуу эмгектер болуп саналат. Аталган илимий эмгектерде Ч. Айтматовдун таланты, көркөм философиясы, улуу сүрөткердин улуттук жана дүйнөлүк адабий процесстеги орду, ролу, таасири дыкат жана терең иликтөөгө алынып талданган.

1990-ж. "Ч.Айтматовдун чыгармачылыгынын СССР элдериндеги түрк тилдүү адабияттар менен эриш-аркактыгы" (“Творчество Ч. Айтматова во взаимодействии с тюркоязычными литературами народов СССР”) аттуу докторлук диссертациясын жактаган.

Башка эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • А. Акматалиев "Манастын" Сагымбай (1-3 китеп) менен Саякбайдын (1-2 китеп) варианттары боюнча академиялык басылышынын башкы редактору жана башкы редактордун орун басары.

Акматалиевдин “Байыркы орток түрк адабиятынын очерки” (2001), “Кыргыз фольклору жана тарыхый каармандар” (2001, Анкара) аттуу эмгектери анын адабият таануу илиминде өздөштүрүлө элек жаңы тематикаларды жана проблемаларды изилдөөгө ийгиликтүү киришкендигин тастыктайт. Эмгектери орус, казак, англис, француз, кытай, немис, испан, түрк тилдеринде жарыяланган. Акматалиевдин эмгектери өзүнүн илимий негиздүүлүгү, теориялык тереңдиги, фактылык базасынын байлыгы, практикалык жактан маанилүүлүгү, маселеге кеңири тарыхый-адабий, маданий контекстке карай билгендиги, ыймандуулугу жана жеткиликтүүлүгү менен бөтөнчөлөнөт.

Акматалиевдин жетекчилиги, уюштуруучулугу жана жигердүү катышуусу менен «Эл адабияты» сериясынан калкыбыздын бай фольклордук мурастарын камтыган 40 томдук жарык көргөн.

Бул факт Кыргызстандын маданий турмушундагы баа жеткис маанилүү окуя.

Ошондой эле илимпоз-уюштуруучунун демилгеси менен советтик идеологиянын тушунда көмүскөдө келген Калыгул, Арстанбек, Калмурза, Эсенаман, Үмөтаалы, Жеңижок, Солтобай сыяктуу элдик таланттардын чыгармалары окурман журтчулугунун колуна тийди.

Акматалиев “Комуз күүлөрү” аттуу 125тен ашык музыкалык мурастарды жаздырган.

Акматалиевдин жетекчилиги менен Кыргыз адабиятынын тарыхы (7 томдук) жарык көрүшү да адабий-илимий турмушубуздагы көрүнүктүү окуялардан болуп калды.

Коомдук ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Абдылдажан Акматалиев, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, филология илимдеринин доктору, профессор, КР УИАсынын кеңсесинде. Бишкек шаары, Кыргызстан. 22-июль (теке айы). 2013-жыл.
  • Айтматов клубдарынын эл аралык ассоциациясынын президенти, Эл аралык коомдук Айтматов академиясынын президенти.
  • Калифорния эл аралык академиясынын академиги.
  • Түштүк Корея республикасынын Азия маданий шаарын куруу боюнча эл аралык кеңешинин мүчөсү,
  • Кыргызстан Жазуучулар Биримдигинин мүчөсү,
  • Кыргызстан Журналисттер Биримдигинин мүчөсү,
  • “Манас” – 1000 Улуттук уюштуруу Комитетинин мүчөсү,
  • "Ысык-Көл форумунун" (шеринесинин) катышуучусу,
  • Ч.Айтматовдун 60, 70, 80, 85 жылдыктарын Уюштуруу комиссиясынын мүчөсү, ж.б.
  • Кыргызстандагы Диссертациялык кеңештин төрагасы.

Ал Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин окутуучусу, Кыргыз-түрк “Манас” университетинин окутуучусу, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин окутуучусу, С.Демирель атындагы Казак-түрк университетинин окутуучусу, Түркиянын Анкара университетинин окутуучусу болуп да иштеген.

“Билге” журналынын (Түркия), “Билиг” журналынын (Түркия), “Кардеш калемгер” журналынын (Түркия), “Түркология” журналынын (Казакстан), “Кыргызстан маданияты” газетасынын (Кыргызстан), “Кыргыз тили” гезитинин (Кыргызстан), “Адабий Ала-Тоо” гезитинин (Кыргызстан), “Эл агартуу” журналынын (Кыргызстан), “Тил, адабият жана искусство маселелери” журналынын (Кыргызстан) ж.б. редколлегия мүчөсү.

Илимий наамдары, даражалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 2000-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын улуттук ИАсынын корреспондент-мүчөсү.
  • 2010-жылдан КР УИАнын академиги.
  • Профессор (1991).

Расмий жана коомдук сыйлыктары, наамдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер (1999).
  • Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгынын эки жолку лауреаты (2002, 2004).
  • Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты,
  • Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Ардактуу профессору,
  • Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Ардактуу профессору,
  • Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин Ардактуу профессору,
  • Жалал-Абад университетинин Ардактуу профессору,
  • Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин Ардактуу профессору,
  • Талас мамлекеттик университетинин Ардактуу профессору,
  • Нарын мамлекеттик университетинин Ардактуу профессору,
  • Эл агартуунун отличниги,
  • Жапониянын Сока-Гаккай университетинин Ардактуу профессору,
  • Түркиянын Тил коомунун академиги,
  • АКШнын Калифорния илимдер жана искусство академиясынын академиги,
  • Ататүрк-Ала-Тоо университетинин Ардактуу профессору.

Ар кыл сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин Ардак грамотасы,
  • Казакстандын Кыргызстандагы элчилигинин Ардак грамотасы,
  • Казакстандын Л.Гумилёв атындагы университетинин Л.Гумилёв атындагы Медалы,
  • Бишкек шаарынын, Ош шаарынын Ардак грамоталары.

Айрым сыйлыктарынын тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты (1983).
  • СССРдин "Эмгектеги артыкчылык" медалынын ээси (1986).
  • Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер (1999).
  • Кыргыз Республикасынын илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыктын эки жолку лауреаты (2000, 2004).
  • Даңк медалынын ээси (2006).
  • "Манас" орденинин (3-даражадагы) (2011)
  • "Манас" орденинин (2-даражадагы) (2016)
  • "Данакер" орденинин ээси (2021)

Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Чыңгыз Айтматов жана кыргыз-казак адабий байланышы. - Ф.: Илим, 1981. - 151 б.
  • Бирдиктүү үй-бүлөдө. - Ф.: Кырг. ССРинин «Билим» коому, 1983. - 18 б.
  • Улуттук адабияттардын интернационалдык байланышы. – Ф.: Билим, 1985. – 17 б.
  • Жаңычылык тажрыйбадан жаралат: Адабий изилдөөлөр жана сын-макалалар. - Ф.: Кыргызстан, 1986. - 172 б.
  • Ысык-Көл форуму: келечекке жаңыча ой жүгүртүү. - Ф.: Кырг. ССРи-нин «Билим» коому, 1987. - 18 б.
  • Чыңгыз Айтматов жана боордош элдер адабияты. - Ф.: Илим, 1988. - 158 б.
  • Чыңгыз Айтматовго таасирленүү: Адабий макалалар. - Ф.: Мектеп, 1988. - 112 б.
  • Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылык жолу. - Ф.: Мектеп, 1988. - 63 б.
  • Айтматов жана боордош элдер адабияты. – Ф.: Билим, 1988. – 157 б.
  • «Кыямат» жана окурмандар. - Ф.: Кыргызстан, 1988. - 23 б.
  • Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларындагы салыштыруулар. - Б., 1992. - 130 б.
  • Ч. Айтматов жана көркөм процесс: Айрым маселелер. - Б., 1992. - 134 б.
  • Жан дүйнө: Ырлар. - Б., 1992. - 40 б.
  • Айтматов жөнүндө этюд. - Б., 1992. - 237 б.
  • Айтматовдук энциклопедия: «Манас» эпосунун 1000 жылдыгына арналат. - Б.: Илим, 1993. - 1–т. - 384 б.
  • Кызыл көйнөк - жан дүйнө: Ырлар. - Б., 1994. - 36 б.
  • Айтматовдун космосу - адам жана аалам. - Б.: Илим, 1995. - 83 б.
  • Манастын жети осуяты. – Б., 1997. – 23 б. (С.Мусаев менен бирге).
  • Тандалган чыгармаларынын жыйнагы. 1-том. - Б.: Шам, 1997.
  • Тандалган чыгармаларынын жыйнагы. 2-том. - Б.: Шам, 1998. - 424 б.
  • Көркөм чыгарма жана тарыхый баатыр инсандар (айрым проблемалар). - Б., 1999. - 176 б.
  • Балдарга арналган салт жана фольклор. - Б., 2000. - 124 б.
  • Үйлөнүү үлпөт салты жана ырым-жырымдар. - Б., 2000. - 112 б.
  • Жан жүрөгүм: Ырлар. - Б., 2000. - 120 б.
  • Байыркы орток түрк адабиятынын очерки. - Б., 2001. - 160 б.
  • Тандалган чыгармалар жыйнагы. – Б., 2002. – 608 б.
  • Эңсегеним элиме кызмат кылуу. – Б.: 2005. – 486 б.
  • Сезим. – Б.: ИАнын басмаканасы, 2005. – 144 б.
  • Мээнеттин ак жарыгы. – Б., 2006. – 404 б.
  • Лира. – Б.: ИАнын басмаканасы, 2006. – 180 б.
  • Аалам, Адам жана Жаабарс. – Б., 2006. – 76 б.
  • Азыркы адабият: Мезгил жана тарых. – Б., 2007. – 224 б.
  • Көңүл. – Б.: ИАнын басмаканасы, 2008. – 48 б.
  • Айтматов бар, аалам толук көрүнчү. – Б.: ИАнын басмаканасы, 2008. – 48 б.
  • Жан сырым (2009), Учкун басмасы
  • Аалам кезип Айтматовдон салам айт! (2010), Турар басмасы
  • Таазим. - Бишкек: Бийиктик, 2010.
  • Учур: Тил жана адабият маселелери. – Бишкек: “Бийиктик”, 2011. – 256 бет.
  • Рух дүйнөсү “Манас” жана Айтматов: Макалалар, маектер, жана ырлар. Бишкек: “Papirus”, 2012. – 314 бет.
  • Кыргыз тили, “Манас” жана Айтматов. – Бишкек: “ЧП Абакеев А.Э.”, - 2013. – 434 бет (орус жана кыргыз тилдеринде).

Орус тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • В семье единой. – Ф.: Знание, 1983. – 16 с.
  • Взаимосвязи и взаимообогащение - важная закономерность разви-тия многонациональных литератур. - Ф.: Знание, 1985. - 16 с.
  • Чингиз Айтматов. - Ф., 1988. - 24 с.
  • «Плаха» и читатели. - Ф.: Кыргызстан, 1988. - 23 с.
  • Слово об Айтматове. - Б.: Илим, 1991. - 124 с.
  • Чингиз Айтматов и взаимосвязь литератур. - Б.: Адабият, 1991. - 184 с.
  • Чингиз Айтматов:Жизнь и творчество. - Б.: Мектеп, 1991. - 240 с. (на русском, анг., франц, нем. языках).
  • Значение творчества Ч.Айтматова в процессе взаимообогащения национальных литератур. - Б.: Илим, 1994. - 308 с.
  • Космос Айтматова - Человек и Вселенная. - Б.: Илим, 1995. - 83 с.
  • Избранное собрание сочинений. 1-том. Литературоведение. - Б.: Шам, 1997. - 428 с.
  • Избранное. 2-й том. Литературоведение. - Б.: Шам, 1998. - 424 с.
  • Избранное. 3-й том Литературоведение. – Б., 2002. – 608 б.
  • Чингиз Айтматов: Человек и Вселенная. – Бишкек: “Илим”, 2013. – 576 бет.

Башка элдердин тилдеринде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Эгиз элдин обону. – Алма-Ата: Жазушы, 1989. – 208 б. – каз.
  • Горизонты дружбы. - Алматы: Жазушы, 1989. - 208 б. – казак.
  • Кыргыз фольклору жана тарыхый каармандан. - Анкара, 2001. - 380 б. – түрк.
  • Чыңгыз Айтматов: Жизнь и творчество. - Б.: Мектеп, 1991. 240 б – франц., нем., англ.
  • Ч.Айтматовдун көркөм дүйнөсү. - Анкара, 1998. – 221 б. – түрк.
  • Аалам, Инсан, Барс. – Б., 2002. – 608 б. – түрк.
  • Чагылган үндүү манасчы – Айтматов. – Элазык, 2008. – 120 б. түрк.

Ал тууралуу адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.
  • Айтматов академиясынын академиктери / Жыйнакты түзгөн Дилдебек Андашев; Жооптуу редактору Четин Жумагулов. – Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 2011. – 104 бет, сүрөттөр. – (Мында: 20-21-бетте). – ISBN 978-9967-14-087-5.
  • Тил, адабият жана искусство маселелери: Илимий журнал. - № 1. Атайын чыгарылыш. "Манастан" Чыңгыз Айтматовго карай: Проблемалар жана көз караштар": Эл аралык илимий-практикалык конференциянын материалдары: (Бишкек, 15-январь, 2016). - Бишкек, 2016. - 448 бет. - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы. Гуманитардык жана экономикалык илимдер бөлүмү. Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту. - ISBN 1694-6316.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]