Акматбекова, Сагын

Википедия дан

АКМАТБЕКОВА Сагын (16. 2. 1949-жыл, Чүй облусу, Панфилов району, Орто-Арык айылы) – акын. Кыргыз Республикасынын эл акыны, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер (1995). Адегенде Фрунзе шаарындагы политехникалык институтунда окуйт.

1967-жылы «Ленинчил жаш» гезитинде иштеп, 1968-жылы Москва шаарындагы СССР жазуучулар союзунун М.Горький атындагы адабият институтуна кирип, аны 1973-жылы ийгиликтүү бүтүрөт. Ошол эле жылы «Кыргызстан аялдары» журналынын коомдук-саясий бөлүмүнүн башчысы, 1993-жылдан башкы редактору болуп, 2000 – 2007-жылдары республикалык «Асылзат» аялдар гезитин жетектеген.
Анын алгачкы ырлары 1968-жылы «Кыргызстан маданияты» гезити жана «Ала-Тоо» журналында жарык көргөн.
Биринчи ырлар жыйнагы 1970-жылы «Жамгыр» деген ат менен чыккан. Ырлары орус, украин, латыш, түркмөн, түрк, немис жана башка тилдерге которулган.
С.Акматбекова япон, кытай классиктери Басе, Исса, Ли Бо, Ду Фу өңдүү улуу өкүлдөрүнүн ырларын мыкты которгон котормочу катары да белгилүү.
Чыгармалары жана котормолору мектеп, жогорку окуу жайлардын программаларына киргизилген.

С. Акматбекова кыргыз поэзиясына өзгөчөлүк киргизген, стилдик чеберчилиги, ырларындагы тематикалык-идеялык масштабы, колдонгон көркөм методдору менен айырмаланып турган акын. Ал эле эмес өз чыгармачылыгында батыш жана чыгыш поэзиясынын өзгөчөлүктөрүн кыргыз дүйнө таанымы менен айкалыштыра билген чеберчилиги аркылуу да бааланат.
1975-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.
Кыргыз ССРинин Грамотасы (1991) менен сыйланган.

1995-жылы .
2000-жылы Кыргыз Республикасынын Жаштар сыйлыгы Алтын диплому менен сыйланган.

Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жамгыр: Ырлар. - Ф.: Мектеп, 1970. - 53 б.

Алыскы талаалар: Ырлар. - Ф.: Мектеп, 1972. - 80 б.

Айлуу дөң: Ырлар. - Ф.: Мектеп, 1978. - 124 б.

Терезедеги жарык: Ырлар. - Ф.: Мектеп, 1984. - 68 б.

Өткөн жылдын жалбырагы: Ырлар жана поэмалар. - Ф.: Кыргызстан, 1987. - 104 б.

Күүгүмдөгү күү: Ырлар жана новеллалар. - Б.: Кыргызстан, 1998. - 248 б.

Күз ырлары: Ырлар. - Ф.: Адабият, 1990. - 96 б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]