Акматов Жакыпбек

Википедия дан

Акматов Жакыпбек 1942-жылы 22-январда Сузак районунун Карагана айылында туулган.

  • 1955-1959-жылдары Жалал-Абаддагы зооветтехни- кумун,
  • 1964-1971-жылдары Фрунзе шаарындагы К. С. Скрябин атындагы Кыргыз Мамлекеттик айыл чарба институтунун зоотехникалык бөлүмүн окуп бүтүргөн.
  • 1959-1977-жылдары Ленин районундагы Ленин атындагы кой чарба колхозунда зоотехник, Сузак районундагы Фрунзе колхозунда зоотехник- селекционер, Жалал-Абад племстанциясында участкалык селекционер, Ленин районундагы Ленин колхозунда жана Карл-Маркс колхозунда башкы зоотехник,
  • 1977- 1978-жылдары Токтогул районунун мамлекеттик инспекциясында башкы инспектор,
  • 1978-1986-жылдары Токтогул районундагы Совет бал-аарычылык совхозунда директор болуп эмгектенген.
  • 1974-жылдан КПССтин мүчөсү.
  • 1980-1986-жылдары Эл Депутаттарынын райондук советинин, Эл Депутаттар айылдык советинин депутаты жана Токтогул райондук комитетинин мүчөсү болгон.
  • 1986-жылы 2-апрелде оор жана узакка созулган оорудан кийин мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3