Акматов Камбар

Википедия дан

Акматов Камбар 1936-жылы, Сузак районунун Октябрь кыштагында туулган.

  • 1955-жылы мектепти аяктаган соң, Ташкентеги «Ташкент темир жол куруу» институтунун «Өндүрүштүк жана турак-жай курулушу» факультетин аяктаган.
  • Эмгек жолун Фрунзе шаарындагы ТЕЦ курулушунда конструктор жана долбоорлочу болуп баштаган.
  • Кийин «Кыргызгипростройдо» башкы инженер, «Казгипроторг» филиалында башкы инженер, СССРдин бүткүл союздук изилдөө жана долборлоо «ЦНИИЭПовцепром» мекемесинде башкы инженер жана директор болуп 19 жыл иштеген.
  • Анын жетекчилигинде республикабыздагы улуттук көркөм сүрөт музейи сыяктуу жүздөгөн чон курулуштар, союзга караштуу Россиянын Ярославл облусундагы «Кыргызстан» комплекстик совхозу сыяктуу ондогон курулуштар долбоорлонуп курулган.
  • Ал эми Монголия мамлекетинин стратегиялык курулуш долбоорлорун түзүүдө 15 жыл иштеген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3