Мазмунга өтүү

Акрамия

Википедия долбоорунан

Акрамия — «Акрамия» тобу Өзбекстандын атайын кызматтарынын маалыматтары боюнча 1990-ж. ортосунда «Хизб ут-Тахрир» диний — экстремисттик уюмдун мурдагы мүчөсү, Өзбекстандын жараны Акрам Юлдашев тарабынан негизделген. өзүнүн идеологиясын ал «Ыйманга жол» («Иймонга йул») чыгармасында чагылдырган. Топтун негизги идеясы — Өзбекстанда эволюция жолу менен ислам мамлекетин түзүү. Бирок бийликти күч менен басып алуу тажрыйбасы да четте калган эмес. Атайын кызматтардын уюмдун стратегиясы жөнүндөгү маалыматтары боюнча кыймылда өнүгүүнун беш баскычы болгон.

  • «Биринчи — жашыруун түрдө ишти алып баруу жолу. Бул жол кыймылдын катарын кеңейтүү, кыймылга жаңы мүчөлөрдү кошуу ролун аткарат.
  • Экинчи — материалдык баскыч. Кыймылдын финансылык мүмкүнчү- лүктөрүн кеңейтүү, материалдык жактан колдоо көрсөтүү, кыймылдын мүчөлөрүнө жумуш берүү жана алардын кыймылга кошулуусун баскыч менен уюштуруу.
  • Үчүнчү, руханий баскыч — жактоочуларды окутуу жана кыймылдын максаттарын тушундуруу.
  • Төртүнчү — кыймылды бардык жерде жайылтуу.
  • Бешинчи, акыркы баскыч — эркин, түз шайлоо же күч колдонуу менен революция жолу менен бийликти басып алуу жана Фергана өрөөнүндө ислам мамлекетин түзүү.

Мындан ары бүт дүйнөдө халифат куруу». 2005-жылы Андижанда болуп өткөн окуялар үчүн жоопкерчиликти «Акрамия» өз мойнуна алган. Балким кыймыл үчүн Андижан окуясы биринчи «сынак шаары» болду. Олдашевдин жактоочулары арасында ишкерлер коп. «Ак-рамисттер» дин баамында, алардын лидерлеринин окуулары финансылык жактан өнүгүүнү четке какпайт, эгерде ал «исламдын руханий өнүгүшүнө жана окуусуна зыян келтирбесе».