Акромегалия

Википедия дан

Акромегалия — өсүү гормонунун ашыкча бөлүнүшүнөн пайда болгон эндокрин оорусу. Көбүнчө организмдин өсүшү токтогондон кийин пайда болот. Кол, бут, баш сөөктөрүнүн, ички органдардын көлөмү чоңоёт, зат алмашуу бузулат. Акромегалияны пайда кылуучу себептер толук изилдене элек. Көпчүлүк ооруларда бул оору гипофиздин шишиги (Эндокрин системасы) менен байланыштуу. Айрым учурларда өсүү гормонунун ашыкча бөлүнүп чыгышы, баш травмасы, психикалык травма, өнөкөт инфекциялар себеп болот. Акромегалия аз кездешет.

Көбүнчө 18—35 жаштагы аялдар оорушат. Оору акырындык менен өөрчүйт, ал кетип, кол ооруп, сезгичтиги бузулат, мурун, алдыңкы жаак чоңоюп, беттин формасы өзгөрүлөт. Эриндер калыңданат, тил чоңоюп, оозго араң батат. Маңдай, мурун жана желкенин териси калыңданат. Кол чеңгели менен бут кетмени жооноёт. Оорулуунун башы ооруп, тез чарчайт, көз начар көрүп, жыныс бездеринин функциясы бузулат. Акромегалия менен ооругандар дайыма эндокринолог, окулист жана невропатологдун көзөмөлүндө болууга тийиш. Азыркы дарылоо ыкмалары (нур менен дарылоо, гормон менен дарылоо) өсүү гормонунун ашыкча бөлүнүшүн азайтып, оорулуунун абалын жеңилдетет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ден соолук»: Медициналык энциклопедия/Башкы ред. Борбугулов М. Б.; Кырг. ССР ИА ж. б.— Ф.: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы ред., 1991.— 456 б. ISBN 5-89750-008-8