Мурун
Мурун - кишилерде беттин бөлүгү, айбанттарда тумшугунун бөлүгү. Мурун дем алууда, азык табууда жана сүйлөшүүдө катышуучу орган.[1]
Мурундун кошумча кобулдары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Мурундун кошумча кобулдары — мурун, мурун көңдөйүнүн капталын түзүүчү сөөктөрдүн ичиндеги көңдөйлөр. Мисалы, үстүңкү жаактын ичинде үстүңкү жаак кобулу (гаймор кобулу), чеке сөөктүн ичинде чеке кобулу, ал эми мурун көңдөйүнүн үстүңкү керегесин түзүүчү негизги сөөктүн ичинде негизги кобул, калбыр сымал сөөктө калбыр кобулдары бар. Мурундун кошумча кобулдарынын ар бири мурун көңдөйүнө ачылып, аны менен тыгыз байланышып турат.
Жогорку жаак кобулу, чеке жана алдыңкы калбыр кобулдары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Алсак, жогорку жаак кобулу, чеке жана алдыңкы калбыр кобулдары ортоңку кеңилжээрдин алдындагы мурун көңдөйүнүн ортоңку жолу менен байланышат. Ал эми мурундун негизги кобулу менен арткы калбыр кобулу болсо, мурун көңдөйүнүн үстүнкү жолуна ачылат. Мурундун кошумча кобулдары сөөгүнүн оор салмагын жеңилдетет, дем алуу учурунда, сүйлөгөндө үндү киңкилдетпей ачык жана даана чыгарат. Ар бир кобулдун ичи былжырлуу чел менен капталат. Бирок бул былжыр чел мурун көңдөйүнүкүнө караганда эң эле жука жана назик келет.
Үстүңкү жаак кобулу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Бул кобулдардын ичинен эң эле чоңу — үстүңкү жаак (гаймор) кобулу. Анын ички көлөмү орто эсеп менен 20смге чейин жетет. Бул кобулдун үстүңкү керегеси көз чанагынын астыңкы керегесин түзөт. Ал эми анын астыңкы керегесине үстүңкү жаактагы төрт азуунун тамырлары эң эле жакын өсүп, кобулдун ичине кирип кеткен учурлары да болот. Ошондуктан мындай учурда бул тиштер чиригенде алардын тамыры аркылуу жогорку жаак кобулуна ар кандай микробдор да өтүшү мүмкүн. Мурундун кошумча кобулдары суук мезгилдерде (кышында же эрте жазда) көп сезгенип, кабылдайт. Анткени мурун менен дем алганда муздак аба бул кобулдардын эң назик былжыр челин үшүтүп, ооруга чалдыктырат. Ошонун негизинде мурун кобулдары ириңдеп, кабылдап кетет. Үстүңкү жаак (гаймор) кобулуна суук тийсе — гайморит, чеке кобулуна суук тийсе — фронтит, ал эми мурундун бардык кобулуна суук тийсе синусит деп аталат. Синуситтин катуу кармаган жана өнөкөт түрлөрү бар. Синусит учурунда кишинин жалпы абалы начарлайт, башы ооруп, дене ысыйт. Кол менен басканда көздүн асты жана үстү ооруйт. Кишинин мурду бүтүп киңкилдейт, чүчкүрөт. Анын жыт сезүүсү басаңдап, мурундун ичинен жаман жыт сезилет.
Мурун оорулары тууралуу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Мурун көңдөйүнүн көп кезигүүчү ооруларына былжыр челинин сезгениши (Мурун бүтүү) кирет. Бул учурда мурун менен дем алуу кыйындап, ооз менен дем алууга туура келет. Тазаланбаган, муздак аба кулкун, жуткуч, кекиртек, бронхко кирип сезгентет. Мында дем алуу жолунун ар кайсы бөлүктөрүндө сезгенүү процесси болот (Бронхит, Ларингит, Трахеит, Фарингит). Мурун менен дем алуу бузулганда жытты туура эмес кабыл алып же такыр сезбей калат, үн бузулуп мурдунан сүйлөө байкалат, ошондой эле организм тканына кычкылтек аз келет. Баланын оозу менен туура эмес дем алышы бет скелетинин, көкүрөк клеткасынын, тиштин туура эмес өсүшүнө; көңүл коюу, эске тутуу, угуунун бузулушуна түрткү болот. Ошондуктан дем алуу бузулганын байкар замат врачка кайрылуу керек. Мурунга же анын учуна чыйкан чыгышы мүмкүн (Чыйкан). Кээде кырсык болгондо, коопсуздук техникасы бузулганда мурун жабыркайт. Мындай учурда мурун сөөгү сынып, деформацияланышы ыктымал, ошондой эле мурун тосмосу кыйшайып, бет, көздүн тегереги шишип, көгөрөт, мурундан кан агат. Бул учурда мурун менен дем алуу кыйындап, мурун тосмосунун былжыр челине кан куюлуп, гематома болот, ал чирип абсцесске айланып кетиши мүмкүн.
Көп учурда балдар мурдуна бир нерсе (топчу, тыйын жана башкалар) салып алышат (Бөтөн нерсе), бул учурда мурун менен дем алуу кыйындайт. Мурун жабыркаганда врачка тезинен кайрылуу керек.
Дарылоо
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Врач сунуш кылган дарылоо процедураларын аткаруудагы жалпы талап. Чимкиргенде чимкирик угуу жолуна кетип калбас үчүн мурундун ар бир таноосун өзүнчө чимкирүү керек. Өзү чимкире албаган кичине баланын мурдун буралган кебез менен тазалайт. Эгер чимкириги катып калса, кебезге вазелин же зайтун майын сыйпап, ичилчү соданын жылуу эритмеси менен тазалаган оң. Тамчылатуучу дары жылуу болуш керек. Оорулууну жаткырып же отургузуп, башын чалкалатып, дары тамчылатчу жагына кыйшайтып куюлат. Мындай абалда дары мурундун ортоңку жолуна чейин жетип, гаймор кобулундагы ириңдин жакшы чыгышына түрткү берет. Бул эрежени сактабаганда дарылоо натыйжасыз болот. Ошондой эле дарыны, анын дозасын жана кабыл алуу мөөнөтүн врач гана белгилейт. Мурунга күкүм дарыларды атайын аспаптын жардамы менен поликлиника жана ооруканада салат. Ал эми үйдө бул дарыны мурундун улам бир бөлүгүнө чымчып салыш керек. Май дарыны болсо буралган кебездин жардамы менен мурунга сыйпайт.
Мурун ооруларын алдын алуу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Мурун, мурун көңдөйүнүн сезгенүү ооруларын алдын алууда организмди чыңдоонун мааниси чоң. Аба жана күн ваннасы, суу процедуралары жана спорт менен такай машыгуу организмди чыңдап, дем алуу жолдорунун ооруларын алдын алат.
Мурун бүтүү — мурундун былжыр челинин сезгениши; мурундан былжыр суюктук көп чыгып, дем алуу кыйындайт, мурун бүтүү катуу кармаган жана өнөкөт болот.
Пайда болгон себептери жана жүрүшү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Катуу кармаган мурун бүтүү микроб козгогон өз алдынча оору; кээде айрым жугуштуу (грипп, кызамык, скарлатина, кептөөр жана башкалар) же аллергиялык оорулардын белгиси катары пайда болот. Суук тийүү мурундун бүтүшүнө түрткү болот. Катуу кармаганда адатта мурундун эки таноосу тең жабыркап, оорулуу чүчкүрө баштайт, тамагы жана кеңилжээри кычышып, кээде эти ысыйт (37,5°ка). Оору башталгандан бир нече сааттан (көбүнчө 1 — 2 күндөн) кийин мурундан суу куюлуп, үнү өзгөрүлөт (киңкилдеп сүйлөйт), жыт сезбей калат. Чеке же көз чарасы ооруйт. Айрыкча эмчектеги балдарда оор өтөт.
Мурун менен дем алуунун кыйындашы баланын абалын начарлатат: бала чыргоолонуп, начар уктайт. Балдардын мурду бүткөндө сезгенүү кулак, тамак, бронхторго, өпкөгө чейин таралышы мүмкүн. Чоң адамдар үчүн да мурун бүтүү коркунучтуу. Врачтын көрсөтмөсүн так аткарбаса сезгенүү процесси өнөкөткө өтүшү ыктымал. Өнөкөт мурун бүтүү катуу кармаган мурун бүтүүнүн улам кармай беришинен, мурундун былжыр челин дайыма чаң жана газдын дүүлүктүрүүсүнөн (кесиптик мурун бүтүү), аденоидде, мурундун туура эмес жайгашышынан (мурун сөөгү кыйшайганда), мурундун кошумча кобулдарынын ириңдүү сезгенишинен (гайморит, фронтит) жана башкалардан пайда болот.
Өнөкөт мурун бүтүү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Өнөкөт мурун бүтүү катуу кармаганга караганда бир аз жеңилирээк өтөт. Нерви бошоң жана өтө жыт сезгич адамдарда аллергиялык же вазомотордук мурун бүтүү кездешет. Мындай ноокастын капысынан мурдунан суу агып, көзү кызарат жана башкалар.
Дарылоо
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Дарылоону врач жүргүзөт. Былжыр челдеги шишикти азайтуу жана дем алууну жеңилдетүү үчүн врач сунуш кылган кан тамырды тарытуучу суюк дарыларды мурунга тамызуу керек. Оорулуу катуу чимкирүүгө болбойт, анткени инфекция ортоңку кулакка кирип кетиши ыктымал. Оорунун алгач башталышында эле төшөккө жаткырып жакшы багуу, бал же дан куурайдын кыямы менен ысык чай берүү керек. Алдын алуу үчүн бала кезден денени чындоочу чараларды колдонуп, спорт менен машыгуу сунуш кылынат. Үй шартында жана өндүрүштө өздүк тазалыкты так сактоо чоң мааниге ээ. Чаңдуу жерде иштегендер маска тагынуу зарыл.
Мурдунан сүйлөө
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Мурдунан сүйлөө — мурун көңдөйүнүн үн чыгарууга жана артикуляцияга катышуусу бузулуп, үндүн кескин начарлашы жана үн тембринин өзгөрүшү. Мурдунан сүйлөө мурун менен дем алуунун бузулушу менен коштолуучу мурун жана кулкун ооруларында болот. Мындай ооруларга полип, мурун тосмосунун кыйшайышы, аденоиддер жана башкалар кирет. Бул учурда үн күңүлдөп чыгып, «м» жана «н» тыбыштары «б» жана «д» болуп угулат. Кээде мурдунан сүйлөөгө жумшак таңдайдын шал болуп, функциясынын бузулушу, жумшак жана катуу таңдайдын тубаса кемтиги же жабыркашы, ошондой эле кулкундун кептөөрдөн жабыркашы себеп болушу мүмкүн. Мурдунан сүйлөөнү өз убагында дарыласа жакшы натыйжа берет. Балдардын Мурдунан сүйлөөсүн логопедиялык көнүгүүлөрдү жасатуу менен оңдосо болот. Бир катар ооруларды (мисалы, полип, мурун тосмосунун кыйшайышы, аденоид жана башкалар) хирургиялык операция жасап дарылоо керек. Таңдайдын жырыгы пластикалык операция менен оңдолот.
Мурундан кан агуу (эпистаксис) мурун бир нерсеге катуу урунганда же анын былжыр чели жабыркаганда (тытылса, сыйрылса жана башкалар), жугуштуу ооруларда, кан басымы жогорулаганда, жүрөк, бөйрөк, боор ооруларында, ошондой эле кээ бир кан оорусунда болот. Кээде атмосфера басымы, аба температурасы жана нымдуулугу өзгөргөндө, мурундун былжыр челин химиялык заттар көпкө дүүлүктүргөндө (кесип зыяндуулугу), ошондой эле күн ысыкта мурундун былжыр чели кургап, башка кан көп келгенде да мурундан кан кетет. Мурун канаганда кан демейде сыртка агат. Айрым катуу оорулууда жана кичине балдарда кан кулкунга кетет. Бул учурда кан аралаш кусат.
Чаралар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Мурундан кан агууда төшөккө башын өйдө жаздап жаткызып, суутектин өтө кычкылына нымдалган кебезди же дакини тоголоктоп таноого тыгып, канды токтотууга аракет жасалат. Мурундун үстүнө муздак сууга малынган чүпүрөк коюу, эгерде кан токтобосо кежигеге муздак басуу сунуш кылынат. Кан токтогондон кийин катуу кыймыл жасабай жатып, өтө ысык тамак ичүүгө болбойт. Эгерде кан токтобосо врач чакыруу зарыл. Мурундан кан агуу кайра-кайра кайталанса тигил же бул оорунун белгиси болушу мүмкүн, ошондуктан врачтык текшерүүдөн өткөн оң.
Колдонулган адабият
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8