Мурундан кан агуу

Википедия дан
Мурундан кан агуу.

Мурундан кан агуу - мурун бир нерсеге катуу урунганда же анын былжыр чели жабыркаганда (тытылса, сыйрылса жана башкалар), жугуштуу ооруларда, кан басымы жогорулаганда, жүрөк, бөйрөк, боор ооруларында, ошондой эле кээ бир кан оорусунда болот.

Кээде атмосфера басымы, аба температурасы жана нымдуулугу өзгөргөндө, мурундун былжыр челин химиялык заттар көпкө дүүлүктүргөндө (кесип зыяндуулугу), ошондой эле күн ысыкта мурундун былжыр чели кургап, башка кан көп келгенде да мурундан кан кетет. Мурун канаганда кан демейде сыртка агат. Айрым катуу оорулууда жана кичине балдарда кан кулкунга кетет. Бул учурда кан аралаш кусат.

Мурундан кан агууда төшөккө башын өйдө жаздап жаткызып, суутектин өтө кычкылына нымдалган кебезди же дакини тоголоктоп таноого тыгып, канды токтотууга аракет жасалат. Мурундун үстүнө муздак сууга малынган чүпүрөк коюу, эгерде кан токтобосо кежигеге муздак басуу сунуш кылынат. Кан токтогондон кийин катуу кыймыл жасабай жатып, өтө ысык тамак ичүүгө болбойт. Эгерде кан токтобосо врач чакыруу зарыл. Мурундан кан агуу кайра-кайра кайталанса тигил же бул оорунун белгиси болушу мүмкүн, ошондуктан врачтык текшерүүдөн өткөн оң.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8