Фарингит

Википедия дан
Фарингит

Фарингиткулкундун былжыр челинин сезгениши. [1]

Себеби[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оору көбүнчө грипп, сасык тумоо жана башка жугуштуу оорулардан кийин пайда болот. Кээде организмдин суукка урунуп муздашы же болбосо муздак аба менен ооз аркылуу дем алуу, өтө ысык же муздак тамак ичүү, түтүн, чаң, газ жана башкалар менен кулкундун былжыр кабыкчасынын дүүлүгүшү фарингиттин пайда болушуна себеп болот.

Түрлөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Анын 2 түрү (катуу кармаган жана өнөкөт) бар.

  • Катуу кармаган фарингитте кулкундун былжырлары шишимик тартып, кызарат, былжыр бездеринин көлөмү чоңоёт, оозу кургап тамагы ачышкансып ооруйт. Бир нерсе жутканда ооруганы күчөп, кулагы сайгылашат. Таңдай менен кичине тил да кызарып, шишийт. Фарингитти өз убагында же аягына чейин айыктыра дарылабаса, анда өнөкөт фарингитке өтүп кетет.
  • Өнөкөт фарингиттин бир нече түрү бар. Жаш балдар сейрек ооруйт. Оору негизинен атрофия жана гипертрофия түрүндө өтөт. Өнөкөт фарингит орто жаштагы жана улгайган адамдарда, өзгөчө эркектерде көп кездешет. Аялдар болсо фарингиттин атрофиң түрү менен ооруйт. Өнөкөт фарингиттин пайда болушуна сасык тумоо, өнөкөт тонзиллит, мурундун кошумча коңулдарынын ириңдүү сезгениши, тиштин чириши, зат алмашуунун бузулушу, боор, өпкө, жүрөк, бөйрөк оорулары жана башкалар себеп болот.

Кесиптик фарингит[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ошондой эле фарингитке кесиптик, түрдүү зыяндуу факторлор (абанын кургактыгы, чаң, газ, температуранын кескин өзгөрүшү) түрткү берет. Өнөкөт фарингитте алкымда былжырдын көп бөлүнүшүнөн дайыма эртең менен жөтөлүүгө, толуп калган какырыкты түкүрүп турууга мажбур болот. Кээде кулакка бир нерсе туруп калгансып, ал бир нече жолу шилекейди жуткандан кийин жок болуп калат. Ооруну убагында таап дарылабаса атрофиялык фарингитке айланат. Мында тамак кургап, жутуу кыйындап, жаман жыт пайда болот. Узакка сүйлөшүүдө оорулуу суу ууртагысы келет, былжыр чел жукарып, кургайт, мала кызыл болуп, жалтырак кабык менен капталгандай болуп турат.

Дарылоо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дарылоону врач жүргүзөт. Ооруну дарылоо жана алдын алуу үчүн алкымдын былжыр челине таасир этүүчү түрдүү зыяндуу факторлорду жоюу чоң мааниге ээ. Андыктан чаң, шамал көп болгон ишканаларда атайын коргоочу респиратор кийип иштөө талапка ылайык. Фарингитти алдын алууда үшүп калуудан сактануу, организмди чыңдоо зарыл.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8

  1. Балдардын арасында окутуу: диагностика жана дарылоо