Кулкун

Википедия дан
Кулкундун схемалык көрсөтүлүшү (жара кесилген): 1— мурун-кулкун; 2—кулкундун ооз бөлүгү; 3— кулкундун көмөкөй бөлүгү.

Кулкун (жуткуч)(лат. pharynx) — тамак сиңирүү жана дем алуу органдарынын башталышы. Кулкун ооз, мурун, көмөкөй жана ортоңку кулак менен байланышып турат. Жуткуч ооз, мурун жана көмөкөйдүн артында баш сөөгүнүн төмөнкү бетинен тартып, VI моюн омурткасынын тушуна чейин созулат. Кулкун ичи кенен, арттан алдыга карай жалпагыраак көңдөй түтүккө окшоп, кызыл өңгөчкө өтө бергенде ичкерип кетет. Кулкундун үстүңкү, алдыңкы, арткы, оң жана сол капталдары бар. Кулкун кайсы органдардын артында жайгашканына карата үч бөлүккө (мурун-жуткуч, ооз-жуткуч, көмөкөй-жуткуч) бөлүнөт.

Мурун-жуткуч[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мурун-жуткучтун бети баш сөөктөргө жабышып, абаны өткөрүүгө ылайыкталып, керегеси бири бирине тийбеген көңдөйчөнү түзөт. Мурун -жуткучтун алдыңкы бети сүйрү тешикхоандар аркылуу мурун менен байланышкан. Оң жана сол капталдарында воронкага окшогон угуу түтүгүнүн тешиги бар. Мурун-жуткучтун үстүңкү жана арткы бетинин, угуу түтүгүнүн тешиктеринин ортосунда, былжырлуу кабыкчанын ичинде бадам сымал без жайгашкан.

Ооз-жуткуч[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ооз-жуткуч жумшак таңдайдан башталып, ооз көңдөйүнөн көмөкөй аркылуу бөлүнүп турат. Ооз-жуткуч кызматы боюнча тамак сиңирүү жана дем алуу органдарына тиешелүү. Жуткан мезгилде жумшак таңдай горизонталь абалга келип, мурун-жуткучту ооз-жуткучтан бөлсө, ал эми тилдин түбү жана коко жапкыч кокону жабат да, тамак-аштын жутулган бөлүкчөлөрү кызыл өңгөчкө өтөт. Жутпай турган мезгилде жумшак тандай төмөн карай салаңдап мурун-жуткучту ооз-жуткуч менен кошот да, коко жапкыч жогору көтөрүлүп, мурун менен дем алган аба өтөт.

Көмөкөй-жуткуч[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Көмөкөй-жуткуч көмөкөйдүн артында жайланышып, төмөнкү бөлүгү жутпаган учурда астыңкы жана арткы беттери бири бирине тийишип турат. Кулкундун булчуңдуу катмары кеңейтүүчү жана кысуучу булчуңдардан турат. Булар жутарда жуткучту көтөрүп кеңейтип, тамак-аштын жутууга даярдалган бөлүкчөсүн өткөрөт. Жогорку, ортоңку жана төмөнкү кысуучу булчуңдар жуткан мезгилде тамакты жогору жактан ылдый карай сыгып, кызыл өңгөчкө түртүп жиберип турат.

Кулкундун көңдөйү мурун, мурундун кошумча кобулдары (к. Мурун, Мурундун кошумча кобулдары) менен бирге үн резонатору болуп эсептелет (к. Үн); мында үн жогорулайт, өзгөчө тембр пайда болот. Ар кандай оорулардын (мисалы, ангина, аденоид, кептөөр, фарингит, шишик жана башка) кесепетинен Кулкундун кызматы бузулганда дем алуу жана жутуу кыйындайт, ошондой эле сүйлөө бузулат (к. Мурдунан сүйлөө). Кулкунга бөтөн нерсе тыгылып калышы да өтө коркунучтуу.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8