Аксокто

Википедия дан
Аксокто - (Dactylis glomerata)

Аксокто (лат. Dactylis glomerata, L. 1753) - дан өсүмдүктөр тукумундагы көп жылдык чөп. Ал узун жазы жалбырактуу, бийиктиги 100-120 см, көп сабактуу, суукка байымсыз. Деңиз деңгээлинен 2000 мден жогору өспөйт. Беде менен аралаш сепсе бир жерде 6-8 ж. түшүм берет. Аны Чүй, Талас өрөөндөрүндө беде менен аралаш чөп чабынды же саан уйларга маданпй жайыт түзүүдө колдонуп, жай бою 3-4 прет мал жайса болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1