Дан өсүмдүктөрү
Дан өсүмдүктөрү (лат. Gramineae) – өсүмдүктөрдүн бир үлүштүүлөр классындагы тукуму. Бир, эки же көп жылдык чөп, айрымдары бадал же дарак (бамбук). Сабагы түбүнөн бутактайт, тик же төшөлмө, муунактуу, жумуру, муун аралыгы көңдөй, бийикт. 1 мден 40 мге чейин жетет. Жалбырагы узун, ичке, кезектешип, эки катар жайгашып муунагынан өсүп чыгат, көпчүлүгүнүн жалбырак кучагы ачык, айрымдарыныкы жабык болот. Топ гүлү – машак (буудай, кара буу дай), султан (ат конок), шыпыргы (таруу, сулу), сото (жүгөрү) жана башка. Көпчүлүгү эки жыныстуу, кээде бир жыныстуу (эки үйлүүсү да кездешет). Гүл тобунда 1ден 30га чейин гүл болот. Шамал аркылуу же өзү менен өзү чаңдашат. Көпчүлүгүнүн мөмөсү дан, айрымдары жаңгакча, жемиш сымал, уругу крахмалдуу. Дан өсүмдүктөрү тамыр сабактуу, нык (түптүү) жана борпоң дүңгөлүү болуп бөлүнөт. Айрымдарында (буудайык, буудайдын бир нече түрү, кара кыяк жана башка) кыртыштын үстүнкү катмарындагы тамыр бүчүрүнөн жаңы өркүн өсөт. Кыртыш астындагы муунактарынан жаңы тамыр пайда болот. Нык дүңгөлүүлөрдүн (бетеге, чий, көдөө жана башка) түптөнүү түйүнү кыртыштын үстүндө болуп, бири-бирине жакын ыкташып өсөт. Борпоң дүңгөлүү дан өсүмдүктөрүнүн (ат конок, конок баш жана башка) өркүндөрү кыртыш астындагы түптөнүү түйүнүнөн өсүп чыгат. Өркүндөрүнүн өзгөчөлүгүнө жараша бийик (ат конок, кызыл от, буу дайык жана башка) жана жапыз (бетеге, шалбаа жылгыны) болуп бөлүнөт. Биринчиси чабынды, экинчиси жайыт катары пайдаланылат. Дан өсүмдүктөрүнүн 650дөй уруусу, 10 000дей түрү бар. Кыргызстанда 74 уруусу (250 түрү) өсөт. Адам турмушунда көбүнчө дан эгиндери (буудай, арпа, сулу, таруу, жүгөрү жана башка) чоң мааниге ээ. Жапайы жана эгилме дан өсүмдүктөрүнүн малдын негизги тоюту (бетеге, кызыл от, ат конок жана башка) катары да мааниси зор. Эгилме дан өсүмдүктөрүнүн морфологиялары жана биология белгилери боюнча 2 топко: накта (арпа, буудай, кара буудай, сулу) жана таруу сымал (таруу, шалы, жүгөрү, сорго, чумиза) болуп бөлүнөт. Дан өсүмдүктөрү өнүшү жана өсүшү бирдей эмес, даны эгин деп аталып, эгиндүү өсүмдүктөр болуп саналат. Алар өсүү мезгилине жараша күздүк, эрте жаздык жана кеч жаздык болуп бөлүнөт. Күздүктөрү арпа, буудай, кара буудай. Буларда 2 – күзгү (45–50 күндүк) жана эрте жазгы (75–100 күндүк) өсүү мезгили болот. Күзүндө эгиндин негизги органдары – тамыры, сабагы, жалбырагы калыптанат. Активдүү өсүшү жалпысынан 120–150 күнгө созулат. Күздүк эгин өсүмдүктөрү жаздык эгиндерге караганда 10–15 күн эрте бышат. Эң эле эрте арпа, андан кийин кара буудай, акырында буудай бышат. Эрте жаздык дан өсүмдүктөрү – арпа, буудай, кара буудай, сулу эрте себилип, эрте бышкандыктан, ушундайча аталат (Түндүк Казакстан менен Батыш жана Чыгыш Сибирде май айында себилсе да, эрте бышат). Кеч жаздык дан өсүмдүктөрү – таруу, жүгөрү, сорго, шалы. Булардын уругу өнүш үчүн температура жогору болуш керек, суукка байымсыз. Ошондуктан алар жазгы эгиндерден кийин – таруу менен жүгөрү топурактын үстүнкү катмарындагы температура 10–12°Сге, сорго менен шалы 12–15°Сге жеткенде себилет. Ным, жылуулук жетишерлик болсо, Дан эгининин үрөнү (күрүчтөн башкасыныкы) дээрлик бирдей мезгилде – 4–5 күндө өнүп чыгат. Кыргызстан дыйканчылык илимий- изилдөө институтунда буудай, арпа жана башкалардын ар кандай сорттору чыгарылып, республикада райондоштурулган. Дүйнө калкынын 70%тейи буудай, калганы күрүч азыгы менен тамактанат. Дан э-нде алардын баалуулугун көрсөтүүчү белок, углевод көп. "Р", "РР" витаминдери жана "А" провитамини бар. Дан өсүмдүктөрүнүн 23 түрү мурдагы СССРдин Кызыл китебине катталган, к. Арпа, Буудай, Кара буудай, Жүгөрү, Шалы, Сулу жана башка.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргызстан:энциклопедия
- Пути повышения урожайности зерновых колосовых культур. М., 1966; Цвелев Н. Н. Злаки СССР. Л., 1976. Справочник по апробации и основам семеноводства зерновых и зернобововых культур. Ф., 1986.