Аксуу мөңгүсү

Википедия дан

Ак-Суу мөңгүсү - Түркстан кырка тоосунун түндүк капталындагы татаал-өрөөн тибиндеги мөңгү. Узундугу 11,4 км, аянты 17,4 км2, абляция облусунун аянты 4.6 км2. Көлөмү 1,6 км3. Исфара суусунун алабында жайгашкан. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 4500 м, этеги 3140 м бийикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 3680 м. Этегинин 3,4 кмдей жери калың шагылдуу мореналар менен капталган. Дого сымал аскалуу тик капталдардан салаалаган мөңгү тармактары кошулуп, бир чоң татаал мөңгүнү түзөт. Четки жана аякы мореналар жакшы өөрчүгөн. Мөңгү жылына 10–15 мге чегинүүдө. Андан Аксуу суусу башталып, Исфаранын сол курамы Каравшинге куят.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

v:Тумар-2011