Акташ доломиттешкен акиташ теги кени

Википедия дан

Акташ доломиттешкен акиташ теги кени Нарын облусунун Кочкор районунда, Сарыбулак кыштагынан 56 км чыгышта. Балыкчы т. ж. бекетинен кенге чейинки аралык 154 км. 1948-ж. табылып, 1980–81-ж. Түндүк Кыргыз геол. экспедициясы чалгындаган. Пайдалуу ак доломиттүү мрамор жогорку протерозой заманында пайда болгон. Мрамор чыгыштан батышка 400 мге созулуп жатат, туурасы 300 м. Мрамор майдаланган түрдө декаративдик оор бетондо жана курулуш иштеринде колдонулат. Баланстагы запасы А+В+С1 категориясы боюнча 2994 миң м3.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]