Активдүүлүк

Wikipedia дан

Активдүүлүкжаныбарлар организминин өзүнүн турмуштук муктаждыктарын канааттандыруу максатында тышкы дүүлүктүргүчтөргө ыкташа жооп кайтаруу касиети. Активдүүлүк адамдын өзүнүн муктаждыктарына, көзкараштарына, максаттарына ылайык айлана-чөйрөнү өзгөртө алуу жөндөмдүүлүгү, ал эмгектенүүдө, окууда, коомдук турмушта, чыгармачылыктын ар кандай түрлөрүндө, спортто, оюндарда көрүнөт.

Балдардын курактык өсүшүнүн этаптарына жараша баланын активдүүлүгү ар түрдүү болот. Эмчектеги баланын активдүүлүгү анын көзүнө көрүнгөндөрдүн бардыгын тең кармоого, аңтарып көрүүгө жана пайдаланып урунууга умтулуусунан көрүнөт. Андан ары анын активдүүлүгү бир кыйла башка формада, кыймылдуулугуна байланыштуу өнүгөт, предметке эмгектеп жетет, басат, жүгүрөт ж.б.

Мектеп жашына чейинки баланын активдүүлүгү анын жаңыны билүүгө (суроо берүү мезгили) умтулуусунан, оюнду өз алдынча башташынан жана ал оюнда чоңдордун аткарган иштерин кайталоосунан, башка балдар м-н байланыш түзүшүнөн, чоңдорго жардамдашуусунан, кээ бир нерселерди өз бетинче иштей алуусунан (мен өзүм деген мезгил) ачык көрүнөт. Бирок бул (куракта) баланын кээ бир ишке кызыгуусу кыска мөөнөттүү болуп, ал тез эле бир иштен экинчи ишке өтүп кетет. Бул жашында көп балдар оюн ойноодо да, башка иштерде да өздөрүнүн демилгесин көрсөтө алышпайт. Ошондуктан бул мезгилде баштаган ишти таштап башка ишке өтпөөгө баланы муктаж кылып, ойноло турган оюндун сюжетин айтып берип, башка балдар менен достошо билүүгө үйрөтүп жардам берүү зарыл.

Мектеп жашындагы кенже балдар мектепке чейинки балдар сыяктуу иштин жүрүш процессине гана эмес, анын натыйжасына да өтө кызыгышат. Бул курактагы баланын активдүүлүгүн тарбиялоо үчүн анын ишин өз убагында жана системалуу контролдоп, өз күчүнө ишенүүчүлүктү, өзүнүн активдүүлүгүнүн зарылдыгын сезүүчүлүктү тарбиялоо зарыл.

Өспүрүмдөрдүн (V–VII класстар) активдүүлүгү алардын ар кандай иштеринде байкалат: окууда, эмгекте, техникалык модель жасоодо, ойлоп чыгаруучулукта, жаш натуралисттик жумушта, спортто ж.б. байкалат, алардын мүнөздүү белгиси бүт бойдон өз алдынчалыкка умтулуу, бирок башталган ишти аягына чейин жеткире албайт. Ошондуктан педагог өспүрүмдөрдү баштаган ишти сөзсүз аягына чыгарууга, кабыл алган чечимдин толук аткарылышын камсыз кылууга көнүктүрүп, аларга жардам берүүсү тийиш. Бирок мындай жардам өспүрүмдүн өз алдынчалыгынын өсүшүнө эч бир тоскоол болбошу керек.

Жогорку класстардын окуучуларынын активдүүлүгү алардын иштеринин жаңы формаларында, коомдук иштеринде, ошондой эле искусствонун, адабияттын жана илимдин ар түрдүү тармактарындагы чыгармачылыктарында ачык көрүнөт. Бул курактагы окуучуларга алардын ар кимиси өздөрүнүн күчүн, талантын жана жөндөмдүүлүгүн кайсы тармакта жемиштүү өнүктүрүүсү максаттуу экендигин түшүндүрүп, жардам берүүгө туура келет.

Колдонулган адабияттар[оңдоо]

"Кыргыз педагогикасы: энциклопедиялык окуу куралы". Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Башкы редактор Ү.Асанов, жооптуу редактор И.Бекбоев. Бишкек - 2004. УДК 37.0 ББК 74.00я2 К 97