Актинолит

Википедия дан
Актинолит.

Актинолит - (актино... жана гр. lithos - таш), нурлуу таш - амфиболдор тобундагы минерал. Химиялык формуласы Ca(Mg,Fe2+) (Si4O11)2(OH)2. Моноклин сингониясында кристаллданат. Өңү жашыл, айнек сымал жалтырак. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 5,5-6; с. салмагы 3,1-3,3. Актинолит - метаморфизмделген сланецтерди, скарндарды түзүүчү минералдардын бири. Тал-тал ичке булалардан турган түрү - актинолит-асбест (амиант), майда кристаллчалардан түзүлгөн тыгыз түрү нефрит (жад) деп аталат. Нефрит кооздук таш катары колдонулат, актинолит-асбесттен отко, кислотага чыдамдуу материалдар жасалат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967-14-046-1