Амфиболдор

Википедия дан
Амфибол.

Амфиболдор – тоотектерди түзүүчү минералдардын тобу. Алар жаратылышта кеңири Амфиболдор роговая обманкалуу габбро, диорит, амфиболит, горнблендит, амфиболдуу сланец сыяктуу магмалык жана метаморфизмделген тоо тектердин көпчүлүк курамын түзөт. Өңү курамындагы темирдин өлчөмүнө жараша түссүз, жашыл кара. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 56. Салыштырма салмагы 3,1–3,3. Кристаллографиялык түзүлүшү менен химиялык курамына карай ромбалуу жана моноклиндүү амфиболдор болуп бөлүнөт. Ромбалуу амфиболдорго антофиллит, моноклиндүү амфиболдорго – тремолит, актинолит, роговая обманка, глаукофан жана арфведсониттер кирет. Амфиболдор геологиялык кубулуштардын таасиринен бузулуп, хлорит, эпидот, монтморпллонит, карбонаттарга жана башка минералдарга айланат. Амфиболдордун асбест деп аталган түрү кислоталарга туруктуу жана отко чыдамдуу болгондуктан химиялык өнөр жайларда кеңири пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]