Габбро
Габбро - (Италиядагы Gabbro деген жердин атынан) магма тоо теги. Ал негиздүү плагиоклаздан (лабрадор, битовнит), пироксен, кээде оливин менен амфиболдон жана кенташ минералдарынан турат. Түрлөрү норит плагиоклаз менен ромбалык пироксенден, троктолит плагиоклаз менен оливинден түзүлөт. Нагыз габбро толук кристаллданат, курамындагы түстүү жана түссүз минералдардын саны бирдей болот. Химиялык курамында SiO2 45-50%, темир менен магний кычкылдары 20%ке чейин. Өңү кара, кочкул жашыл, кээде чаарала. Жер катмарында шток, лакколит, дайка жана тарамдар түрүндө жатат. Плагиоклазга эң бай (85-90%) габброплагиоклазит,андан ичкери плагиоклаздары көгүш же жашыл болуп кубулуп турганы лабрадорит деп аталат. Габбро курулуш иштеринде, имараттардын ичи-сыртын кооздоодо жана эстеликтерди тургузууда керектелет. Габбро интрузияларында титандын, магнетиттин, никелдин жана башкалардын кен таштары (рудалары) кездешет. Кыргызстандын көп жерлеринде бар.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4