Пироксендер
Пироксендер (грекче πῦρ (pýr) – от жана хёноз – бөтөн) – кремнийлүү кычкылтектин тетраэдр түзүлүшүндөгү тизмектешкен силикаттар классындагы метасиликаттар тобу. Моноклин (клинопироксендер), чанда ромб (ортопироксен) системасында кристаллдашат; жегичтүү Пироксендери жер Пироксендер (диопсид – геденбергит, авгит) жана жегичтүү (эгирин, жадеит, сподумен) деп бөлүнөт. Негиздүү жана ультранегиздүү, айрым жегичтүү магма тоо тектерин пайда кылган негизги минералдар. Бардык пироксендер призмача же ксеноморфтук бүртүкчө же кээде ийне сымал болот. Химиялык курамы туруксуз. Магмалык негиздүү жана ультранегиздүү тектерде, метаморфизикалык гнейс, кристаллдык сланецтерде, скарндарда тек жаратуучу минералдар. Пироксендер ири платина кен таштары менен тыгыз байланышкан, алар менен бирге алтын, никелдин сульфиди жана жез алынат. Чанда хромит, титан ванадий кен таштары, никель катмарлары жана асбест кендери кездешет.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117-9