Амфиболит

Википедия дан
Амфиболит.

Амфиболит – көбүнчө амфибол жана плагпоклаздан турган, метаморфизделген тоотек. Курамында кээде гранат, эпидот, биотит, диопсид, кварц жана башка катышат. Өңү кара, бозомук, кочкул жашыл. Амфиболит ар кандай магмалык (габбро, диабаз, базальт, туфтар жана башка ), ошондой эле карбонат чөкмө тоотектердин өтө метаморфизделишинен пайда болот. Амфиболиттер негизги кошумча минералдары боюнча – биотиттүү, гранаттуу, кварцтуу, кианиттүү, скаполиттүү, цоизиттүү, эпидоттуу жана башка деп айырмаланат. Амфиболит майда кооз буюмдарды жасоо үчүн жана курулушта имараттарды кооздоодо пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]