Диабаз

Википедия дан
Диабаз.

Диабаз (гр. diabas- жиктелүүчү) - толук кристаллдашкан палеотиптүү магмалык тоо тек.

Хим. жана минералдык курамы боюнча базальтка (долеритке) жакын. Курамында S1O2 анча коп эместиги (45-52%) менен айырмаланат. Өңү каралжын боз же жашыл сымал кара. Структурасы офиттүү (диабаздуу); плагиоклаздын иретсиз жайгашкан кристаллдарынын арасы авгит менен толгон.

Диабаз калыңдыгы бир нече см ден 200 м ге жеткен, кээде андан да ашкан силл, дайка түрүндө пайда болуп, чокмо тоо тектердин жантайынкы жайгашкан катмарларынын жана жанар тоо лавалары менен туфтарыиын арасында кенири таралган.

Диабаз жолго төшөөчү таш катары пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.