Актулпар

Википедия дан

Актулпар - Темиркандын тулпары. Темиркан өзүнүн ордуна Семетейди кан шайлаганына арнап өткөргөн тойдогу ат чабышта А-ды байгеге кошот. Ал Каныкейдин алтымыш асый Тайтору баш болгон 361 күлүк ат менен чабылып күч сынашат. А. чуркаган сайын кызып сынына келет. Каныкейдин эскерүүсү боюнча:
Атакем Темиркандын Актулпар
Теги күлүк мал эле.
Кара байыр, казанат
Калбыр өпкө, жез билек
Канаты бар жан эле (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 99),— деп өзгөчө апыртылып сыпатталат.
Бирок, А-дын «канаты бар жан экени» жомоктук-фантастикалык маанайда канчалык апыртылып айтылбасын, эпос чагылдырган доор менен шартталган, жерде жашоого ылайыкташкан, кадимки эле күлүк аттардай сүрөттөлөт.
А-дын негизги касиети чаалыкпас, чарчабас, күлүктүк сапаты менен байланышкан.
Мына ушундай өзгөчөлүккө ээ А.
учкаяк күлүктөрдүн күлүгү күч сынашкан бул жарышта марага Тайторудан кийин экинчи болуп келет.
Семетей Букардан Таласка биринчи жолу барганда, жаш баласынын алыскы жолго чыкканынан жана Абыке, Көбөш сыяктуу жоосуна жолугушуудагы чырдан кооптонгон Каныкей кадырын салып атасынан А-ды сурап берет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4