Актурпак кооз таш-селенит кени

Википедия дан

Актурпак кооз таш-селенит кениБаткен облусунун Кадамжай районунда, Ак-Турпак кыштагынан 3 км түштүктө, Сох өрөөнүндө. Кен аймагын палеоген мезгилинде пайда болгон кызыл түстүү карбонаттуу чөгүндүлөр түзөт. Кен чопо, аргиллит тектеринде “карст” процессинен пайда болгон Актурпак үңкүрүндө жайгашкан. Аргиллит жана селенит катмарлары тик жайгашып, үңкүрдү бойлой батыштан чыгышка карай келет. Селенит катмарлары кызыл (үңкүрдүн түштүк бөлүгүндө) жана боз (үңкүрдүн түндүк бөлүгүндө) аргиллиттер менен кезектишип жатат. Селенит 5-20 см калыңдыктагы кабатча жана линза түрүндө кездешет. Өңү кызгылт, агыш, тунук ак селенит нык, жибектей жалтырайт. Андан кооз буюмдарды жасоого болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]