Актүз сейрек металлдар кени

Википедия дан

Актүз сейрек металлдар кени Чүй облусунун Кемин районунда, Актүз кыштагынын жанында, Кемин т. ж. бекетинен 48 км түндүк-чыгышта, Кичи Кемин суусунун сол жээгинде, деңиз деңгээлинен 2260-2600 м бийиктикте. 1942-51-жылдары чалгындалып, запасы эсептелген. Кен аймагы пермдин гранофирлери менен жирелген, рифей мезгилинин жашыл түстөгү амфибол сланецтеринен, парагнейстерден түзүлгөн. Руда тулкулары контакт-метасоматикалык-гидротермалдык өзгөрүүгө дуушарланган амфибол сланецтеринде жайгашкан. Сейрек учуроочу металлдардын жана торийдин минералдашуусу кварцталган, хлориттелген, серициттелген роговик жана гранофирлер менен байланышкан. Негизги минералдары: галенит, сфалерит, пирит, сейрек учуроочу минералдары-вюртцит, марматит, халькозин, ковелин, борнит. Пайдалуу компоненттердин орточо өлчөмү: ниобий – 0,012%, тантал–0,002%. Сейрек учуроочу металлдардын болжолдуу ресурсу – 12800 т. Кен казып алынып бүткөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]