Акунбешим ("Манас" эпосу)

Википедия дан

Акунбешим ("Манас" эпосу), Акунбешим пааша, Акун шаа— Манас эпосунун эпизоддук кейипкери, Чүйдү бийлеп турган калмак каны. Кырк беш жыл кан болуп эл бийлеген А. Орго кандын Манастан жеңилгенин уккандан кийин жер-жердеги адамдарына чабарман жиберип кол курап, үч ай он төрт күн согушка даярдык көрөт. Согушта А-дин колу жеңилип, өзүн Манас атынан түшүрө сайып, артынан жете келген Айнакул башын кесип кетет (Сагымбай Орозбаков, 2. 125—145).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4