Акустикалык агым

Википедия дан

Акустикалык агым — чоң интенсивдүү үн талаасындагы чөйрөнүн үзгүлтүксүз агымы. Акустикалык агым бир тектүү эмес эркин үн талаасында, айрыкча андагы ар кандай тоскоолдуктардын жанында пайда болуп, дайыма куюн мүнөздө. Анткени толкундагы чөйрөнүн бөлүкчөлөрүнүн термелиши менен байланышкан жана аны менен таралуучу кыймыл саны толкун жутулганда чөйрөгө берилип, анын үзгүлтүксүз кыймылын пайда кылат. Ошондуктан акустикалык агым ылдамдыгы үндүн жутулуу коэффициентине жана анын интенсивдүүлүгүнө көз каранды, бирок үн толкунундагы бөлүкчөлөрдүн термелүү ылдамдыгынын чоңдугунан ашпайт. Акустикалык агым бир тектүү эмес үн талаасындагы агып туруучу толкун агымы, тоскоолдукка жакын чегаралык катмардагы агым болуп үч типке бөлүнөт. Акустикалык агым техникада жана технологияда пайдалуу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1