Акустикалык импеданс

Википедия дан

Акустикалык импеданс - (лат. Impedite тоскоолдук кылуу, каршы болуу) — үн басымынын интенсивдүүлүгүнүн чөйрөнүн (жыштыгынын белгилүү бир тилкесиндеги) толук каршылыгына болгон катышы менен аныкталуучу комплекстүү каршылык. Акустикалык импеданс - Z=R+iX түрүндөгү комплекстүү сан. R - активдүү акустикалык каршылык деп аталган системанын үн чыгаруудагы сарпталган энергиясы менен байланышкан; i - комплекстик сан, ал эми X болсо, реактивдүү акустикалык каршылык деп аталган чөйрөнүн инерциялык же серпилгич күчтөрүнүн реакциясы менен байланышкан. СИде акустикалык каршылык Па Мс/м3 менен («акустикалык Ом» деп аталат) өлчөнөт. Акустикалык импеданс түшүнүгү акустикалык системалардын термелүүлөрүн изилдөөдө киргизилген. Акустикалык ченөөлөрдө басым, интенсивдүүлүк, жыштык, таралуу ылдамдыгы, басаңдоо коэффициенти ж. б. мүнөздөмөлөр пайдаланылат. Үн таратуучу системаларда п. а. к. Акустикалык импеданска көз каранды, ал эми үн кабыл алгычтарда акустикалык импеданс чөйрөгө туура келүү шартын аныктайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1