Акустикалык процессор

Википедия дан

Акустикалык процессор - жарыктын акустикалык модуляциясынын жардамы менен оптикалык нурланууну мейкиндик-убакыттык модуляциялоочу оптикалык процессор. Мындай процессорлор маалыматты иштеп чыгууну чыныгы убакыт бирдигинде жана кең жыштык диапазонунда (10 ГГцке чейин) камсыз кылат жана маалыматты оптикалык иштеп чыгаруучу түзүлмөлөрдө колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1