Жарык

Википедия дан

Жарык өзгөчө гигиеналык мааниге ээ. Жетиштүү жарык адам турмушуна жана ишине жагымдуу шарт түзөт, ал эми жетишсиз болсо, адамдын иш жөндөмдүүлүгүн жана эмгек өндүрүмдүүлүгүн төмөндөтөт, көз бат чарчап, бузулат жана өндүрүштүк кырсыктардын көбөйүшүнө жана башка алып келет. Жарык табигый, жасалма жана аралаш (Турак жай) болуп бөлүнөт. Табигый жарык күн нурунун түздөн-түз тийишинен жана асманда чагылышып чачыраган жарыгынан болот.

Ал географиялык кеңдикке, күндүн бийиктигине, булуттун болушуна, атмосферанын тунуктугуна байланыштуу. Бөлмөнүн жарык болушуна анын бийиктиги, бөлмөнүн дубалын, ички төбөсүн агыш түскө боёоо, терезе айнегинин тазалыгы, ошондой эле ага тагылган пардалар таасир тийгизет. Терезе парда Жарыктын 40%ин сиңирип калат. Табигый жарык кишинин ченемдерди тиричилик-аракетин толук камсыздай албагандыктан жасалма жарык (электр лампасы) колдонулат. Жасалма жарыктын жалпы (бөлмөгө тегиз тиет) жана айкалыштырылган (бир эле убакытка жалпы жана жергиликтүү лампаларды пайдалануу) түрү бар. Жумуш ордунда столго коюлуучу лампаны жарыгы сол жактан түшкөндөй кылып орнотуу керек, мында колдон түшкөн көлөкө (жазууда, тигүүдө) ишке жолтоо кылбайт. Табигый (күндүзгү) жарык жетишпей калган учурда кошумча жасалма (электр) жарыгы пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8