Акустикалык резонатор

Википедия дан

Акустикалык резонатор — сырткы чөйрө менен кичинекей жылчык же түтүкчө аркылуу байланышта болгон курал. Аны биринчи жолу немец окумуштуусу Г. Гельмгольц (1860) ойлоп таап, үн талдоого колдонгон. Акустикалык резонатордун негизги өзгөчөлүгү - толкун узундугунун резонатордун өлчөмүнө караганда бир кыйла чоң төмөнкү жыштыктагы өздүк термелүүлөрдү пайда кылууга жөндөмдүүлүгү. Изилденип жаткан үндүн термелүү жыштыгы акустикалык резонатордун өздүк термелүү жыштыгына жакын же барабар болсо, анда резонатордо резонанс кубулушу пайда болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1