Мазмунга өтүү

Акцепт кредити

Википедия дан

Акцепт кредити — котормо векселдердин (трат) акцепти түрүндө берилүүчү банк кредити; тышкы сооданы банктык кредиттөөнүн бир түрү. Коммерциялык жана соода банкы төлөөгө мүмкүнчүлүгү бар чет өлкөлүк импортчуга пролонгацияланган кредит берет. Акцепт кредити менен экспортчу вексель жазып берүүсү мүмкүн. Банк кабыл алгандан кийин бул вексель акча рыногунда эске алынат же ал төлөнүп бүткөнгө чейин сакталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1