Акциз салыгы

Википедия дан

Акциз салыгыКыргыз Республикасында жалпы мамлекеттик салык болуп саналат. КР аймагында акциздик товарларды өндүрүүчү же акциздик товарларды импорттоочу баардык жеке жана юридикалык жактар акциз салыгын төлөөчүлөрү болуп эсептелишет. Акциз салыгы алынуучу товарлардын тизмесине: а) ичүүчү этил спирти жана тамак-аштык чийкизаттан өндүрүлгөн акталган этил спирти; б) арак; в) ликер-арак азыктары; г) ачытылган ичимдиктер, ширелер жана бальзамдар; д) шараптар; е) коньяктар; ж) шампан шараптары; з) сыралар; и) шарап азыктары; к) тамеки буюмдары; л) курамында тамеки бар башка буюмдар; м) алтындан, күмүштөн, платинадан жасалган зергер буюмдар; н) кытатталган жана кытатталбаган терилер (иттин, коёндун, койдун терилеринен башка); о) нака мех буюмдар, пальтолор, баш кийимдер, жакалар, шубалар ж. б.; п) таза териден жасалган кийим-кечелер; р) хрусталдан жасалган идиштер, жарык берүүчү буюмдар; с) ок чыгаруучу жана газ курал-жарактары; т) мунайзат продуктары; у) кофе жана какао; ф) килем жана килем буюмдары кирет.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]