Акшак өсүмдүктөрү

Википедия дан

Акшак өсүмдүктөрү - даны негизинен акшак даярдоодо пайдаланылуучу өсүмдүктөр. Көпчүлүк акшак өсүмдүктөрү - күрүч, таруу, сорго, конок, чумиза дан өсүмдүктөр уруусуна, каракүрүч каракүрүчтөр уруусуна кирет. Арпа, сулу, жүгөрү, буурчак жана буудайдан да акшак тартылат. Акшак өсүмдүктөрүнүн даны углевод, белок, витаминдерге бай. Ал ун, крахмал, спирт даярдоодо, үй кушуна жана чочкого, сабагы малга тоют катары пайдаланылат. Өтө баалуу акшак өсүмдүктөрүнүн бири каракүрүч. Анын акшагы азыктуулугу, даамы, сиңимдүүлүгү боюнча жогору бааланат, алар жаздык өсүмдүктөр, жылуучул келип бардык өлкөдө эгилет. Күрүч Индия, Нигерия, АКШда; каракүрүч Польша, Болгария, Францияда ж. б.; чумиза, конок Кытайда көп эгилет.

Дагы караңыз[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1