Акшумкардын уясы

Википедия дан

Акшумкардын уясы — Ат-Башы кыштагынын батышында Коргон-Таш деген жердеги зоо. Элдик уламыш боюнча ушул бийик зоодон Семетей Акшумкарын уядан алган экен. Ошол Акшумкардын тукумун кийин эле Улуу Ата Мекендик согуштун алдыңкы жылдарында эл көргөн дешет: «Күндөрдүн биринде бир боз шумкар учуп келип, асманда шаңшып туруп кайра жок болуп, бир аздан кийин жер жайнаган жапайы каздарды элдин алдына топулдатып тээп түшүрүп, «мени унутпай жүргүлө» дегенсип эрдемсип шаңшып үн салып кайдадыр учуп кетиптир».

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4